Жанылыктар

ОшМУ ШКУУнун V жаштар форумуна катышты

17-ноябрда Белгород мамлекеттик университетинде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн университеттеринин V жаштар форуму болуп өттү. Онлайн форматта өткөн жыйынга Россия, Казахстан, Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикистандын 32 окуу жайынын, бийлик органдарынын жана элчиликтеринин 400гө жакын өкүлдөрү катышып, саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий жааттарда, билим берүү жана илимий тармакта эффективдүү кызматташуунун маселелерин талкуулашты. Алардын арасында Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Денис Кравченко, Билим берүү жана илим министринин орун басары Елена Дружинина, Белгород облусунун өкмөтүнүн ички кадрдык саясат департаментинин илимий иштер боюнча башкармалыгынын башчысы Екатерина Журавлева, “Жаштар ресурстук борбору” федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин директору Алексей Любцов, ШКУ университеттеринин ректору, РУДНдин президенти Владимир Филиппов, Кытайдын РФдагы элчилигинин билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Цао Шихай, Ляонин техникалык университетинин ректору Лян Бин, Дэчжоу университетинин Кеңешинин төрагасы Чэ Бинь, Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин жалпы педагогика кафедрасынын башчысы, профессор Дилноз Рузиева ж.б. бар. Иш-чараны БелМУнун ректору профессор Олег Полухин куттуктоо сөзү менен ачып, бул эл аралык уюм ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы маданий карым-катыштарды, достук мамилелерди өнүктүрүүдө чоң ролду ойной тургандыгын белгиледи. Форумда Ош мамлекеттик университетинен эл аралык байланыштар департемантинин башчысы Абдыганы Абдувалиев сүйлөп, кесиптештерин маанилүү иш-чара менен куттуктап, БелМУ менен ОшМУнун кызматташуусуна токтолуп, ШКУУнун университеттери өткөргөн иш-чараларга ОшМУ активдүү катышып, бир гана академиялык мобилдүүлүктүн алкагында иш алып барбастан, биргелешкен билим берүү программаларын жүзөгө ашырып келе жаткандыгын айтты. Шанхай кызматташтык уюмунун өнөктөш окуу жайлары менен ОшМУ экономика, педагогика, аймак таануу, IT технология, энергетика багыттарында кызматташтык жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Пленардык жыйындан кийин форумдун иши тректер боюнча улантылды. Мында Абдыганы Абдувалиев менен Семетей Амиралиев “Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору (ОшМУнун мисалында)” деген темада презентация жасашты. Өз докладында алар кесиптештерин ОшМУнун академиялык мобилдүүлүктү жүргүзүүдөгү тажрыйбасы менен тааныштырып, бул иш-аракетти уюштурууда келип чыккан кыйынчылыктарга токтолушуп, аларды жоюуга карата иштелип чыккан конкреттүү кадамдарды сунушташты. Соңунда модераторлор секцияларда жүргүзүлгөн иштерди жыйынтыкташып, резолюция кабыл алынды.
1129 21:15 18-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|