Жанылыктар

Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов ОшМУнун студенттери менен баарлашты

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти тарабынан «Жаштар-илим, искусство, маданият» айлыгынын алкагында Студенттердин эл аралык күнүнө карата “Билимге инвестиция – өнүгүүнүн пайдубалы” деген аталыштагы онлайн семинар уюштурулду.

Семинарда студенттер Назарбаев университетинин профессору, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Дүйшөн Шаматов менен он-лайн жолугушушту.

Онлайн жолугушууга 500дөн ашуун студент катышып, бир жарым саат дүйнөлүк билим берүү айдыңында өз орду бар, илимпоз аалымдан жашоо, адам болуу, ийгиликке, максатка жетүү тууралуу кеп-кеңештерди угушту. Семинарга катышкан ар бир катышуучу суроолорун берип, ыраазычылык айтып жатышты.

Профессор Дүйшөн Шаматов студенттерди майрамы менен куттуктап, өзүнүн ОшМУдагы өткөн студенттик күндөрү тууралуу да баяндап өттү. “Эң негизгиси адам деген атты татыктуу алып жүргүлө, билим алгыла, ата-энеңердин ыраазычылыгын алгыла. ОшМУдай окуу жайдан билим алып жатканыңарга сыймыктангыла”, -деди.

Семинар Zoom аркылуу уюштурулду.

1114 21:55 17-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|