Жанылыктар

Эл аралык олимпиадада ОшМУнун студенттери жеңишке жетти

"Анатомия жана гистология" боюнча Эл аралык жогорку медициналык мектеби тарабынан 22-октябрдан 31-октябрга чейин 4 этап менен уюштурулган эл аралык студенттик онлайн олимпиадада ОшМУнун студенттери алдынкы орундарды багындырды.

Аталган онлайн олимпиадага Россиядан, Казахстандан Өзбекстандан жана Кыргызстандан жалпысынан 158 студент катышты.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинен 32 студент катышып, анын ичинен 4 студентибиз - 1 орунга, 8 студентибиз 2- орунга, 7 студентибиз 3-орунга ээ болушту.

Уюштуруучулар тарабынан студенттерди ар тараптан колдоп, катышууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ОшМУнун ректору К.Кожобековго, Эл аралык медицина факультетинин деканы Ж. Муратовго, анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасынын башчысы К.Сакибаевге ыраазычылык жөнөтүлдү.

Аталган эл аралык онлайн олимпиада #Үйдө_бол деген аталыштагы хэштег менен өттү.

Ийгилик жараткан студенттерибиздин окууларына ийгилик, ден соолук каалайбыз!

1089 10:59 16-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|