Жанылыктар

ОшМУда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Коштошуу митинги өзү окуп билим алган, эмгектенген жана жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болуп өттү. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, ЖКнын депутаттары, Билим берүү министрлигинен өкүлдөр, шаардык кеңештин депутаттары, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлдөрү, маркумдун жакын санаалаштары, шакирттери, кесиптештери, окуучулары катышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында Каныбек Исаковдун адамгерчилигин, менеджерлигин, идеяга бай жетекчилик сапатын, илимпоз окумуштуулугун, реформаторлугун, эл уулу экендигин эскеришип, артында баштаган иштерин аягына чыгарар жоон топ шакирттери, студенттери калгандыгын белгилешти.

Билим берүү тармагында өчпөс из калтырган Каныбек Исаков 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалып, 2019-жылга чейин жетектеп келген. ОшМУда окутуу процессин жакшыртуу, окуу процессин башкарууну автоматташтыруу, окутуунун заманбап технологияларын кийирүү, инфраструктураны жакшыртуу, илим жана билим берүү жаатындагы ички, тышкы байланыштарды күчөтүү багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп, бир нече окуу-өндүрүштүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган. Жыйырмага жакын жаңы окуу имараттарды жана студенттер үчүн жатакана, медициналык клиникаларды куруп, өндүрүшкө берген. Анын жыйынтыгында Ош мамлекеттик университети Борбордук Азиядагы алдыӊкы окуу жайлардын катарын толуктаган. Бул жасалган эмгектер мамлекет тарабынан бааланып Ош мамлекеттик университети “Данк” ордени менен сыйланган.

Маркум агайдын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында жерге берилди.

2520 23:20 13-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|