Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде 28-октябрда ZOOM платформасы аркылуу Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата “Исхак Раззаковдун кыргыз тарыхындагы орду жана ролу” аттуу илимий конференция болуп өттү.
Конференцияда Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканынын м.а., т.и.к., доцент С.А.Арстанов ачып берди. Ошондой эле, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед. и.д. профессор Б.З.Осумбеков, ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М.Анарбаева, конок катары И.Раззаковдун жээнинин баласы Бактыбек Артыков, И.Раззаков фондунун жетекчиси Замирбек Осмонов, И.Раззаков фондунун мүчөсү Султан Исманов куттуктоо сөздөрүн айтышып, эскеришти. Конференциянын жүрүшүндө доцент Сабыр Арстанов “Исхак Раззаков – ХХ кылымдагы улуттук лидер” деген темада көргөзмөлүү презентациясы менен маанилүү жана маныздуу баяндама жасады. Андан сон, Лейлек райондук маданият бөлүмүнө караштуу музейлер комплексинин улук кызматкери Н.Сулайманова “Кыргыздын улуу уулу И.Раззаковго 110 жыл. Өрнөктүү өмүргө таазим” деген темада баяндама жасап, ал музейге саякатты онлайн режимде (видеоролик) көрсөтүп берди.
Жыйынтыгында, жарыш сөздөр жана талкуулар менен коштолду.