Жанылыктар

ОшМУда спорттун волейбол түрү боюнча “Энелер лигасы” өттү

Ош мамлекеттик университети 25-октябрда пандемия шартында энелердин иммунитетин көтөрүүнү максат кылган мекеме ишканалардагы 25 жаштан 40 жашка чейинки айымдар ортосунда спорттун волейбол түрү боюнча “Энелер лигасын” өткөрдү.

Өтмө кубок катары уюштурулган лига буга чейин сентябрь айында өткөрүлгөн эле. Пандемия шартын эске алуу менен өткөн мелдештин жыйынтыгында ОшМУнун командасы 1-орунду багындырса, 2-орунду “ОшТУ”, 3-орунду “Алай”, 4-орунду “Энергетик” командалары ээлешти.

Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар уюштуруучулар тарабынан кубок жана акчалай сыйлык, белектер менен сыйланышты.

Курама командаларды жеңиши менен куттуктайбыз! Дайыма дениңиздер сак, маанайыңыздар ачык болсун!

1481 23:40 26-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|