Жанылыктар

Урал университеттери ОшМУга окуу китептерин таберик кылышты

Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университети, Урал мамлекеттик медициналык университети, Урал мамлекеттик юридикалык университети 1314 даана окуу куралын жана методикалык колдонмолорду Ош мамлекеттик университетинин илимий китепканасына өткөрүп беришти.

Медицина жана укук таануу жатындагы адабияттардын комплекти 130 аталышта (1. Кернесюк Н.Л. Оперативная хирургия и топографическая анатомия / Учебник для студ. мед. вузов. 2. Биохимические исследования обмена веществ. Тестовые задания: учебное пособие / В.А. Лукаш, Л.А. Каминская. 3. Латинская терминология медико-профилактического дела: учебное пособие / под ред. Г.Е. Гуляевой. 4. Поощирение и защита прав уязвимых групп в международном праве / учебно-методическое пособие ж.б.) камтып, баары орус тилинде жазылган.

ОшМУнун ректору Кудаберди Кожобеков өнөктөштөрдүн китеп түрүндө көрсөткөн бул колдоосун кыргыз-орус эриш-аркак жылында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жөрөлгө катары баалап, алынган илимий адабияттар өз кезегинде мугалимдер менен студенттер тарабынан окуу процессинде жигердүү пайдаланылып, университеттин китеп фондун өнүктүрүүгө жана байытууга чоң салымын кошо тургандыгын белгилеп, окуу жайлардын жетекчилерине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, ОшМУ Россия Федерациясынын Урал аймагындагы окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келе жатат. Ушул жылдын июнь айында Урал мамлекеттик медициналык университети менен ОшМУнун ортосунда дарылоо иши, стоматология, фармация багыттары боюнча биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү боюнча келишимге кол коюлган.

1356 19:27 05-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|