Жанылыктар

“ОшМУнун мыкты лектору”, “ОшМУнун мыкты окутуучусу” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө Дубайга жолдонмо (40 000 сом) ыйгарылды

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанаттын жүрүшүндө 2019-2020-окуу жылында ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйланды.

“ОшМУнун мыкты лектору” конкурсунда 1-орунду ээлеген Индустриалдык-педагогикалык колледжинин техникалык адистиктер кафедрасынын окутуучусу Самарбек Мамаев диплом жана 40 000 сом (кырк миң сом) акчалай сыйлык Дубайга жолдомо менен сыйланды.

2-орунду ээлеген Орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданият аралык байланыштар кафедрасынын профессору Венера Сабирова, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын доценти Самара Осмоновалар I даражадагы диплом жана 15 000 (он беш миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланышты. 3-орунду ээлеген Табият таануу жана география факультетинин экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын улук окутуучусу Динара Кеңешбаева II даражадагы диплом, Медициналык колледждин медайым ишинин негиздери кафедрасынын улук окутуучусу Нургул Шамшиева III даражадагы диплом менен сыйланды.

МИТ факультетинин информатика кафедрасынын улук окутуучусу Гулмира Шамшиева “Заманбап, чыгармачыл окутуучу” номинациясы менен сыйланса, Юридика факультетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын окутуучусу Чынгыз Сулайманов “Изденүүчү, чыгармачыл окутуучу” номинациясына ээ болду.

“ОшМУнун мыкты окутуучусу” конкурсунун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын улук окутуучусу Гулбарчын Эргешова сертификат жана 40 000 (кырк миң сом) акчалай сыйлык Дубайга жолдомо менен сыйланды.

2-орунду ээлеген Орус филологиясы факультетинин орус тилинин практикалык курсу жана кеп маданияты кафедрасынын окутуучусу Каныкей Боронова I даражадагы диплом жана 20 000 (жыйырма миң сом) акчалай сыйлык, 3-орунду ээлеген МИТ факультетинин программалоо кафедрасынын окутуучусу Гулбайра Омаралиева II даражадагы диплом жана 10 000 (он миң сом) акчалай сыйлык менен сыйланды. Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин «Жалпы психология» кафедрасынын окутуучусу Эмил Сагынбаев III даражадагы диплом, Юридика факультетинин мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу Гулизат Арстанбаева “Жаш, жигердүү окутуучу”номинациясы, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» кафедрасынын окутуучусу Мураталы Маманов “Жаш, жигердүү окутуучу” номинацияларына ээ болушту.

“ОшМУнун мыкты ОМКсы” конкурсунун жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген Эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасынын доценти: Гулзат Аматова сертификат жана 10 000 (он миң сом) акчалай сыйлык, 2-орунду ээлеген Юридика факультетинин кылмыш, жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти Джамиля Асанбекова I даражадагы диплом жана 7 000 (жети миң сом) акчалай сыйлык, 3-орунду ээлеген МИТ факультетинин программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Назигай Абдирайимова II даражадагы диплом жана 4 000 (төрт миң сом) акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ал эми Чыгыш тануу жана тарых факультетинин «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Гулзада Жумашова III даражадагы диплом, Бизнес жана менеджмент факультетинин ишкананын экономикасы жана бизнести башкаруу кафедрасынын доценти Эльвира Саматова “ОМКны иштеп чыгууга уникалдуу мамиле” номинациясы менен, Медициналык колледждин табият таануу жана так илимдер кафедрасынын окутуучусу Адина Айдарбекова “ОМКны түзүүдө жогорку кесипкөйлүгү үчүн” номинациясы менен, Бизнес жана менеджмент факультетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын доценти Тимур Исраилов “Демилгелүүлүк жана педагогикалык таланты үчүн” номинациясы менен сыйланышты. Сыйлыкты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков тапшырды.

1466 18:53 05-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|