Жанылыктар

ОшМУда ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлүп, мыктылар сыйланды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы - Мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 5-октябрь күнү майрамдык салтанат уюштурулду. Жыйынды ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, инсанды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирип, жылуу куттуктады. Ошондой эле бир жыл аралыгында университетте аткарылган иш аракеттер боюнча айтып, ардактуу кесип ээлерин шыктандырды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим берүүдө өзгөчө эмгеги үчүн медицина илимдеринин доктору, профессор Маматжан Арстанбеков КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан х.и.к., доцент Табалды Мамытов агайдын үзүрлүү эмгек жолуна токтолгон ректор Өкмөтүнүн Ардак грамотасын анын үй-бүлөсүнө тапшыра тургандыгын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси Кыргыз- Кытай факультетинин деканы, улук окутуучу Токтосун Айтикеев, Табият таануу жана география экономикалык география жана эл аралык туризм кафедрасынын башчысы, г. и. к., доцент Калыбек Самиев, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин № 2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын. доценти, филол. и. к. Фарида Алиева, Орус филологиясы факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары ф. и. к., доцент Ыкыбал Темиркулова, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы ф.-м.и.к., доцент Толкун Папиеваларга тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен Математика жана информациялык технологиялар факультетинин математиканы, информатиканы окутуунун технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын доценти, п. и. к. Аида Келдибекова, Дүйнөлүк тилдер факультетинин декандын окуу иштери боюнча орун басары, ф.и.к., доцент Динара Суркеева, Эл аралык мамлелер факультетинин аймак таануу кафедрасынын башчысы, филос.и. к., доцент Кульсара Султанова, Финансы юридикалык колледжинин финансы жана банк иши кафедрасынын башчысы, э. и. к., доцент Оёнбек Абдрахманов, Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биология дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу Жамила Абдиллаева, Индустриалдык–педагогикалык колледжинин директору, ф.и.к., доцент Олжобай Шаимкулов, Медицина факультетинин деканынын илимий и штер боюнча орун басары доцент, м.и.к. Уулжан Шерматова, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу Медергүл Табалдиевалар сыйланышты.

Ошондой эле майрамдык салтанатка карата окуу жайда көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын ичинен бир тобуна ОшМУнун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды. Кеченин экинчи бөлүгүндө Мугалимдердин майрамына арналган концерттик программа тартууланды.

1294 18:14 05-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|