Жанылыктар

Мамытов Табалды Абдиевич (некролог)

( 1960-2020 )

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценти, химия илимдеринин кандидаты Мамытов Табалды Абдиевич 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Табалды Абдиевич 1960-жылы 30-апрелде Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында жарык дүйнөгө келген.

1997-1982-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунунун химия-биология адистигин бүтүргөн. 1982-1987 – жылдары Чаткал районундагы Макаренко атындагы орто мектебинде эмгектенген. 1987-1990-жылдары Ош шаарындагы жаш натуралисттердин областтык станциясында эмгектенген.

Агайдын өмүрү Ош мамлекеттик университети менен тыгыз байланышкан. 1990-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинде лаборатория башчысы, окутуучу, ага окутуучу, доцент катары эмгектенип, 2014-2019-жылдары Табият таануу жана география факультеттин деканы кызматын аркалады.

2000-жылдын 27-апрелинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Ош мамлекеттик университетинде үзүрлүү эмгектенген Мамытов Табалды агайдын химия предмети боюнча окуган лекциялары, практикалык иштери жогорку илимий-педагогикалык жана методикалык түрдө өтүлүп келгендиги окуткан студенттери тарабынан дайыма бааланып келген. Ошондой эле факультеттин деканы кызматын аркалап турган учурда факультеттин өсүп-өнүгүүсү үчүн бараандуу эмгектерди жасаган. Илимий багытта дайыма изденген агай 3 окуу куралынын, бир нече илимий-методикалык макалалардын автору болууга жетишкен.

Билим берүү, илим изилдөө багытында эмгектеринин аркасынан Турция, Кытай, Россия мамлекеттеринде тажрыйба алмашуу багыттында иш сапарларында болуп келген.

Билим берүүдөгү талыкпаган аракети жана эмгеги бааланып 2006-жылы КРнын билим берүү жана илим министрлигинин грамотасы, 2008 –жылы КРнын билим берүүсүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган. Агай 2020-жылы Мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн КРнын премьер министринин Ардак грамотасы менен сыйланган болчу.

Табалды агай өмүрлүк жары менен 1 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялаган неберелердин сүйүктүү таятасы эле.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Мамытов Табалды агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

1824 10:24 05-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|