Жанылыктар

Президенттик стипендияга конкурс жарыяланды

Сүйүктүү студенттер, 2019-2020-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Президенттик стипендияга конкурс жарыяланды!

Стипендияны ыйгаруу окутуунун күндүзгү формасында бакалавриат программасы боюнча 3-курсту бүтүргөн студенттердин арасынан төмөнкү критерийлердин (1-пунктуна жана 2-7 пункттарынын бир канчасына) ылайык талапкерди тандоонун негизинде жүргүзүлөт:

1) Окутуунун бардык мезгилинде орто аралыктагы аттестациянын жыйынтыгы боюнча (транскрипт) алган баалардын жалпы санынан "эң жакшы" деген баа (AA жана BA) кеминде 90% болуусу;

2) Стипендия ыйгаруу алдындагы 2 жылдын ичинде студенттердин окуудагы жетишкендиктердин табууга багытталган эл аралык же республикалык олимпиадада, конкурста, мелдеште, таймашта ж.б. иш-чарада студентти жеңүүчү же байге ээси деп таануу;

3) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде илимий изилдөө ишинин натыйжалары үчүн сыйлыкты алуусу; интеллектуалдык (илимий-усулдук, илимий-техникалык)) иште жетишилген илимий натыйжасына студенттин өзгөчө укугун күбөлөндүргөн документинин болуусу; илимий-изилдөө ишин аткаруу үчүн гранктка ээ болуусу;

4) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде студенттин илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук басылмада жарыялоолорунун бар болуусу;

5) Стипендия ыйгаруу алдында 2 жылдын ичинде студенттин илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда ж.б. иш-чарада баяндама (билдирүү) жасоо менен жарыялоосу;

6) Студенттин мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билүүсү;

7) Студенттин билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу;

Конкурска катышууну каалаган жана жогоруда жазылган стипендиянын критерийлерине жооп берген бардык студенттерибиз 6-октябрга чейин факультети менен байланышка чыгып, тийиштүү документтерди тапшыруулары абзел.

Бардыгыңыздарга ийгилик каалайбыз!

PS: Сүрөттө 2019-жылы Президенттик стипендиянын ээси болгон ОшМУнун студенттери

1420 11:53 02-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|