Жанылыктар

“Үмүт” телестудиясынын атайын чыгарылышы: Баткен ройонунда билимге умтулган студенттер

Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясы 2020-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Баткен облусунда сапарда болуп келишти. Сапардын алкагында Баткен шаарында, Баткен районунда жана Кадам-Жай райондорунда болушуп, ОшМУнун студенттери, бүтүрүүчүлөрүнөн кабар алышты.

“Үмүт” телестудиясынын атайын чыгарылышынан сиздер пандемия шартында өтүп жаткан студенттик күндөр, үй шартында онлайндан кантип билим алып жатышкандыктары боюнча маалымат аласыздар. Ошондой эле аралыктан билим берүү боюнча студенттердин ата-энелеринин пикирлери менен таанышасыздар.

Бул саамалык өлкөбүздүн башка аймактарында да улантыла бермекчи.

Атайын чыгарылышты төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: https://www.youtube.com/watch?v=K22ko0GHpJM&feature=youtu.be

1380 15:06 29-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|