Кыргызстандагы Фулбрайт Ассоциациясы АКШ элчилигинин кичи гранттарынын алкагында Кыргызстандын региондорундагы ЖОЖдордо иштеп жатышкан 40 жаштан 60 жашка чейинки окутуучулар үчүн онлайн тренингге катышууга конкурс өткөрөт.
Урматтуу окутуучулар! Сиздерди онлайн окуу боюнча онлайн тренингге чакырабыз! Тренингшдин соңунда финалга чыккандарга 100 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берилет.
Сиздер онлайн окутууду төмөнкүлөрдү өздөштүрөсүздөр:
1) Интерактивдүү Zoom же интерактивдүү онлайн лекциялар;
2) Гугл презентацияда интерактивдүү лекцияларды даярдоо;
3) TedEd жана dpuzzle видеосун пайдаланып кантип сабакты даярдоону;
4) Сабактардын кайсыларын видеоформатта, кайсыларын текст менен кантип даярдоону;
5)Онлайн интерактивдүү сабактарын кандай ыкмалары бар экенин;
6) Онлайн сабакты түзүп жатып автордук укукту кантип бузбоону;
7)Онлайнкурстустуденттерүчүнкантипынгайлуужанатүшүнүктүүкылууну;
8) Сабак берүү менен окутууну онлайн режимде кантип ынгайлаштыруу боюнча иш жүзүндөгү кенештерди аласыз;
9) Студенттерди кантип мотивациялоону жана онлайн сабакты ийгиликтүү өтүш үчүн эмне кылыш керек экенин?
Тренингти баяндоо:
Курстун узактыгы бир саат болгон сегиз тренингтен турат. Тренингтер октябрдын ар бир жума күнүндө саат 18:00 өтүлөт.