Жанылыктар

“Сабаттуулук- кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты” аталышындагы онлайн конференция уюштурулду

Ош мамлекеттик университети Билим берүү министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору менен биргеликте 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата “Сабаттуулук- кыргыз тилин өнүктүрүүнүн башаты” аталышындагы онлайн конференция өткөрдү.

Конференция Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планына ылайык уюштурулду.

Алгач Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Мамлекеттик тилдин майрамы менен куттуктап, тибиздин улуулугун белгилеп, университетте бул багытта аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Конференцияны ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору Улукбек Омокеев алып барды.

"Сабаттуулук — эне тилдин жүзү" (Жазууда көп кетирилген орфографиялык, пунктуациялык каталар тууралуу) ф.и.д., профессор Жаанбай Элчиев, “Колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү активдүү лексикага кошууда интернеттин ролу” (Унутта калып бараткан көөнө сөздөр, макал-лакаптар, фразеологизмдер тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөгөн постторунун мисалында) ф.и.к., доцент Аттокур Жапанов, “Иш кагаздарын туура жазуу – жогорку сабаттуулукту талап кылат” (Иш кагаздарда кетирилген каталар, иш кагаздарынын реквизиттери тууралуу) ф.и.к., доцент Майниса Кошуева, “Сабаттуулукка окуткандардын сабаты” (ЖОЖдордун, АОЖдордун кээ бир мугалимдери, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы тууралуу) публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаевдер баяндама жасашты.

Баяндамалар суроо-жооптор менен коштолду. Көпчүлүк катышуучулар мамлекеттик тилдин учурдагы айрым маселелерине кайрылып, мындай талкуулардын көбүрөк уюштурулушун сурашты.

Билим берүү жана илим министринин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планы боюнча маалымдап, бул иш-чара токтоп калбай ар ай сайын суроо-талаптарга ылайык ар башка темада, ар башка ЖОЖдордо уюштурула тургандыгын белгилеп өттү.

Эки саатка созулган конференциянын соңунда сунуш-пикирлерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Белгилей кетсек, конференция университеттин фейсбуктагы баракчасынан түз алып берилип, Zoom платформасы аркылуу уюштурулду.

2821 23:28 23-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|