Жанылыктар

ОшМУда Мамлекеттик тил күнү онлайн белгиленүүдө

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына арналган иш-чаралар университеттин бардык структураларында учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн уюштурлууда.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде “Эне тил майрамы” аталышындагы ZOOM платформасынан иш-чара уюштурулду. Майрамдык салтанатка факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты. Иш-чарада куттуктоо сөздөрү жаңырып, кылым карыткан кыргыз тилинин улуулугу, баалуулугу жөнүндө сөз болду. Ошондой эле мамлекеттик тил күнүн утурай факультетте студенттер арасында уюштурулган көркөм окуу сынагында алдыңкы орундарды ээлеген таланттуу студенттердин видеороликтери көрсөтүлүп, мыктылар аталды. I даражадагы диплом менен Бакытбек кызы Алина, II даражадагы диплом менен Сагынбек кызы Гулина, III даражадагы диплом менен Болотбек кызы Айназик сыйланып факультет тарабынан акчалай сыйлык жана Мамлекеттик тил боюнча департаменттин директору Улукбек Омокеев тарабынан көркөм адабий китептер менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы

«Кыргыз тили –биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!» аттуу онлайн адабий-музыкалык иш чара өткөрдү. Иш чарага эл аралык медицина факультетинин студенттери активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 2-курстун студенти Mитилда Манож кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардын өмүр таржымалы жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, монологдорду жана ырларды, көркөм окууларды аткарышты.

Ал эми ОшМУнун факультеттер аралык №2 кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун практикалык курсу кафедрасынын тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата "САНАРИП КЫРГЫЗСТАН 2019-2023" концепциясынын алкагында, кафедранын жамааты студенттер менен биргеликте аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Медицина, математика жана информациялык технологиялар, Теология, Табият таануу жана география факультеттеринин 1-курстарынын арасында өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттер онлайн окуу шартында эне тилибиздеги ырлардан көркөм окушса, кыргыз жаштары менен катар чет элдик студенттер да көркөм окуулардан четте калган жок. Мамлекеттик тилди даңазалоого активдүү катышкан студенттерге ыраазычылыктар айтылды.

Университеттин бардык структураларында иш-чаралар уланууда.

1357 15:48 23-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|