Жанылыктар

МАР БАЙЖИЕВДИН

ОшМУнун Кыргыз-Түрк факултетинин Киноакадемиясы тарабынан 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Мар Байжиевдин "12-күн" драмасы тартууланды.

Аталган драма ЭлТРдин "Билим жана илим" каналынын студиясында 22-сентябрда спектаклдештирилди. ОшМУдан конок катары катышкан профессордук-окутуучулук курамдын атынан сөз сүйлөгөн ОшМУнун сырттан жана дистанттык билим берүү боюнча проректору Таасилкан Жумабаева Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, чыгармачыл топко ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, "12-күн" драмасын 23-сентябрь 20:00дө ЭлТРдин "Билим жана илим" каналынан, ЭлТРдин Фейсбуктагы, Ютубдагы баракчаларынан көрө аласыздар.

“Мар Байжиев өтө терең маанилүү, турмуштун дал кайнаган жерин чагылдырган мыкты драматург. Бул чыгармасында тилдин тагдырын, тарбия, кыргыздын жалынган, айланып-үрүлгөн керемет сөздөрүн даана чагылдырат. Ары күлкүлүү, ары терең маанилүү драма. Биздин демилгени колдоого алган «ЭлТР» телерадиокомпаниясынын башкы директору Керимбек Калыкуловго, орун басары Жумамидин Сулайманкуловго жана техникалык-чыгармачылык топко терең ыраазылык билдиребиз.”, -дейт иш-чаранын уюштуруучусу ОшМУнун Мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору Улукбек Омокеев.

Спектаклдин режиссеру: Kutman Sharshentegin - Киноакадемиянын жетекчиси

Каармандар:

Болдукан: Зейналиева Калидакан - ОУДТнын актрисасы.

Дездамона: Сезим Эшимбек кызы - Киноакадемиясын студенти.

Аскар: Нурсултан Абдикаримов - ОУДТнын актеру, ОшМУнун бүтүрүүчүсү.

Муканбет_Шыйкымбаев: Рыскелди Мойдунов - Киноакадемиянын окутуучусу.

Сүйүмкан: Айсана Жаныбек кызы - Киноакадемиянын студенти.

1230 22:41 22-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|