Жанылыктар

ОшМУда Мамлекеттик тил күнүнө карата онлайн талкуу өтөт

Ош мамлекеттик университети Билим берүү министрлиги менен биргеликте 23-сентябрь саат 16:00дө Мамлекеттик тил күнүнө карата онлайн талкуу өткөрөт.

Талкуу Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган 9 айлык планына ылайык минстрликтин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору жана ОшМУ тарабынан уюштурулууда.

Талкуу фейсбук аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Zoom платформасы аркылуу кирип талкууга катышыңыздар болот.

Негизги багыт — интернеттин тилди өнүктүрүүдөгү ролу, сабаттуулукка тийгизген таасири тууралуу.

Эксперттер талкууга төмөнкү темаларды алып чыгат:

1. Ф.и.д., профессор Жаанбай Элчиев — "Сабаттуулук — эне тилдин жүзү" (Жазууда көп кетирилген орфографиялык, пунктуациялык каталар тууралуу)

2. Ф.и.к., доцент Аттокур Жапанов — “Колдонуудан чыгып бараткан сөздөрдү активдүү лексикага кошууда интернеттин ролу” (Унутта калып бараткан көөнө сөздөр, макал-лакаптар, фразеологизмдер тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына жүктөгөн постторунун мисалында айтып берет)

3. Ф.и.к., доцент Майниса Кошуева — “Иш кагаздарын туура жазуу – жогорку сабаттуулукту талап кылат” (Иш кагаздарда кетирилген каталар, иш кагаздарынын реквизиттери тууралуу айтып берет)

4. Публицист, адабиятчы Жолдош Турдубаев — “Сабаттуулукка окуткандардын сабаты” (ЖОЖдордун, АОЖдордун кээ бир мугалимдери, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрүнүн сабатсыздыгы тууралуу кеп кылат)

5. Талкуу, суроо-жооптор

Подключиться к конференции Zoom

https://us02web.zoom.us/j/5914474851

Идентификатор конференции: 591 447 4851

Код доступа: 1

1461 12:17 22-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|