Жанылыктар

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков «Окуу процессин уюштуруу жана башкарууну «Бирдиктүү терезе» принцибинде санариптик трансформациялоо» деген темада презентация жасады

Презентацияда Ош мамлекеттик университетин санарип университетке айлантуу багытындагы жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле университеттеги онлайн кабыл алуу, электрондук кагаз айлантуу, автоматташтырылган маалымат системасы, электрондук китепкана, Дата-Борбору, онлайн автоматташтырылган системага өткөн студенттин кыймылы, окуу жүктөмлөрү, KELBIL мобилдик тиркемеси, “Бирдиктүү терезе”, онлайн режиминде окутуу платформалары, финансылык ишмердүүлүктөрдөгү санариптештирүү, электрондук документ айлантуу сыяктуу бир топ маалыматтар айтылды.

Бүгүнкү күндө кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгүнөн тарта: окуу бөлүмдөрү, сынак, билимди баалоо, бухгалтериянын ишин, ар бир студенттин ийгилигин, кыймылын, рейтингин, катышуусун, сапаттуу көрсөткүчүн ачык көрүүгө болот. Окутуучулардын ишмердүүлүгү да коомчулуктун талкуусунда. ОшМУ санариптик билим берүүнү реалдуулукка айлантырды. Эске сактоо көлөмү 148 терабайт болгон Дата-Борбор курулуп, бардык маалыматтар жаны технология аркылуу башкарылып турат. Электрондук документ айлантуу толук кандуу иштей баштады.

Эң башкысы университеттин билим сапатын көтөрүүгө импульс болуп,өнүгүүгө жол ачты. Интернеттин эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдалана билген ОшМУ Kelbil мобилдик тиркемесин да ишке киргизген. Окуу жайда коопсуздукту камсыздаган кампустук карта да бар. Бул өнүгүүлөр менен биргеликте кагаз иштери да санарипке өткөндүктөн “Бирдиктүү терезе” долбоору иштеп жатат. ОшМУ мындай комплекстүү иш аракеттери менен кыска убакыт ичинде коомчулукка жана дүйнөлүк аренага ачык демакратиялык окуу жай экенин тастыктады. Коомдо университетке болгон ишеним артты.

1419 12:55 17-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|