Жанылыктар

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: “ОшМУда билим берүүнү автоматташтыруу жана санариптештирүү логикалык жыйынтыгын берди”

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын Пандемия кырдаалына ыңгайланышуусу» деген темада баяндама жасады. Презентацияда Пандемия мезгилиндеги билим берүү системасындагы тенденциялары, проблемалары, көйгөйлөрү, перспективалары жөнүндө сөз кылды.

Ошондой эле өлкө башчысынын сунушу менен өтүп жаткан “Санарип университет” конференциясы келген ар бир катышуучу үчүн пайдалуу боло тургандыгын белгилеп, билим берүүнүн санариптештирүү багытындагы ОшМУда жүрүп жаткан иштер боюнча угуп, көрүп, таанышып өзүңүздөрдүн жумушунуздарда колдонсоңуздар бүгүнкү конференция өз максатына жетет деп белгиледи.

“Бүгүн билим берүүнүн бардык тармактарында санариптештирүү багытында иштер кандайдыр бир деңгээлде жүрүп жатат. Ал эми Ош мамлекеттик университетинде билим берүүнү автоматташтыруу жана санариптештирүү иш аракети 7-8 жылдан бери ишке ашып келе жатат жана бүгүн бул бир логикалык жыйынтыгын берди”,-деди.

1329 12:07 17-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|