Жанылыктар

ОшМУда “Санарип университет” аттуу конференция өтөт

Конференцияда пандемия шартында билим берүүнү уюштуруу багытында жасалып жаткан иш аракеттер, санарип университетти калыптандыруудагы алдыңкы тажрыйбалар көрсөтүлөт.
Иш-чарага президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаева, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилери катышат.
Конференциянын катышуучулары ОшМУнун маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасы жана Дата борбору, искусство факультети, кыргыз-кытай, педагогика, психология жана дене-тарбия, эл аралык медицина факультеттеринин мисалында санариптештирүү тажрыйбасын көрүшөт.
“Санарип университет” конференциясы “Аймакты өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун билим берүүнү санариптештирүү боюнча сунушунун негизинде өткөрүлөт.
1250 16:57 16-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|