Жанылыктар

ОшМУда видео лекциялар тасмага түшүрүлүп, ютуб каналына жарыяланууда

Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясы тарабынан ОшМУнун профессорлорунун жана доценттеринин лекциялары тасмага тартылып жатат.

Аралыктан окуу жүрүп жатканда мындай видео лекциялар студенттер үчүн өтө маанилүү болуп жатса, экинчиден алдынкы профессорлордун, доценттердин мыкты видео сабактарынын базасын түзүү университеттин негизги максаттарынан.

Буга чейин да окуу жайда эмгектенген алдыңкы окутуучулардын видео сабактары байма-бай тартылып келсе, учурда бул иш аракет системалуу түрдө жүрүп, билим алуучулардын назарына тартууланууда. Бардык видео сабактар ОшМУнун ютубдагы Оsh State University каналына жайгаштырылып жатат.

“Окуу процессин онлайн форматта уюштурууда автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Google classroom маалыматтык системалары, ошондой эле Whatsapp, электрондук почтанын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстарын колдонуп гана чектелбей, аны менен катар ар бир дисциплинанын окуу программасына ылайык толук видео лекциялардын сериясын тарттырып интернет желесине (YouTube ж.б.) жайгаштыруу мезгил талабы. Анткени

- Биринчиден, окуу процесси аралыктан окутуу формасына керектүү санариптик окуу материалы менен камсыздалат;

- Экинчиден, окутуучулук милдет аткарылат (өздөрүнө бөлүнгөн окуу жүгүнүн теориялык-лекциялык бөлүгү ишке ашат, мисалы, YouTube га жүктөлгөн 30 минуттук видео лекциясынын шилтемесин студенттерге жөнөтүп, сабактын калган 20 минутасын студенттер менен онлайн кайтарым байланыш жасап, суроолорго жооп берүү менен өткөзсө болот);

- Үчүнчүдөн, YouTube га жүктөлгөн видео лекцияны студент өзүнө ыңгайлуу учурда кайра-кайра көрө алуу менен окуу материалын терең түшүнө алат;

- ОшМУнун окумуштууларынын дарамети, кесиптик потенциалы, чыгармачылдыгы, креативдүүлүгү студенттерге гана маалым болбостон коомчулуктун алдында да даңазаланат;

- ОшМУнун окумуштууларынын алтын фонду түзүлөт”, -дейт ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов.

Төмөн жакта сиздер видео тасмага түшүрүлгөн сабактар менен тааныша аласыздар.

1. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Адылбек Батыралиев

1) "Педагогика илими жөнүндө жалпы түшүнүк" 1-академиялык саат https://www.youtube.com/watch?v=9xW1C4FD6yc

2) "Педагогика илими жөнүндө жалпы түшүнүк" 2-академиялык саат https://www.youtube.com/watch?v=UjlkTk_VR90

3) “Инсан жана анын өнүгүүсү” https://www.youtube.com/watch?v=g5F6upcfOOQ

2. Медицина илимдеринин доктору, профессор Тайчиев Имамназар Тайчиевич

1) “Введение в эпидемиологию. Эпидемический процесс” https://www.youtube.com/watch?v=xR1NdwcEnZI

3. Медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдошев Сапарбай Тезекбаевич

1) “Инфекционные болезни” https://youtu.be/tDH7q3O61Vo

4. Филология илимдеринин доктору, профессор Момуналиев Сатканбай Момуналиевич

1) “Методика илими, анын обьектиси жана окуу методу” https://youtu.be/syD0KSrPTjk ;

5. Медицина факультетинин э пидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучусу Насиров Абдымомун Насирович

1) “ Учение об инфекции” https://youtu.be/cOOf23QzJ8w

6. Медицина факультетинин п едиатрия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Турдубаев Курсанбек Ташболотович

1) “Физическое развитие детей. Понятие об акселерации. Техника антропометрических измерений” https://youtu.be/tvOgNgjo4jI

2) “Введение в предмет. Периодыдетского возраста и их характеристика” https://www.youtube.com/watch?v=tvOgNgjo4jI

7. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каримов Салы Каримович

1) “Дифференциалдык тендемелер” https://youtu.be/yUEVQLfSyD8

8. Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Папиев Маматай Папиевич

1) Кыймыл жөнүндө алгачкы маалыматтар. Түз сызыктуу бир калыптагы кыймыл https://youtu.be/Q5r9CYb3NPs

9. Медицина илимдеринин доктору, профессор Жолдубаев Ырысбай Жолдубаевич

1) “Возбудитель туберкулеза. Исторические сведения о туберкулезе” https://youtu.be/v368SbVs4G0

2) “Туберкулинодиагностика” https://youtu.be/vuS-rBAk7Ko

Кошумчалай кетсек, учурда видео лекцияларды тасмага түшүрүү улантылууда.

1655 14:43 14-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|