Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде 12-сентябрь
саат 10-00дө Орус филологиясы факультетинин тегерек залында “Ош мамлекеттик университетинде факультеттин деканын шайлоо”
деген Жобого ылайык факультеттин деканы кызматына шайлоо болуп өтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы №346 токтому
менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети
жөнүндөгү” жобосунун 10-пунктуна ылайык өткөрүлөт.
Арыздар 2020-жылдын 9-сентябрь саат 17-00 гө чейин кабыл алынат. Шайлоону уюштуруу
комитетинин төрайымы ОшМУнун сырттан жана дистанттык окутуу боюнча
проректору, б.и.д., профессор Т.Т.Жумабаева.
Шайлоо пандемия шартында аралыкты жана тиешелүү талаптарды сактоо менен
өткөрүлөт.