Бүгүн 1-сентябрь бардык факультет, колледж, лицей, гимназиялар 1-курска
кабыл алынган студенттер үчүн ZOOM платформасы аркылуу Билим күнүн
уюштурду. Иш чарага ректорат тарабынан бекитилген куратор проректорлор,
департаменттердин башчылары, факультеттин жамааты, студенттер катышышты.
Билим күнү ректор Кудайберди Кожобековдун 2020-2021-окуу жылына карата Ош
мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамына жана
студенттерине арнаган видео кайрылуусу
https://web.facebook.com/OshSU1939/videos/324910375511520 менен башталып,
ар бир структурада жаңы окуу жылынын башталышына карата куттуктоолор
жаңырды.
Окуу жайыбыздын босогосун аттап жаткан 1-курстун студенттери үчүн ОшМУнун
тарыхы, жетишкендиктери, келечек пландары, максаттары, миссиясы камтылган
маалыматтар менен коштолгон ОшМУга онлайн саякат уюштурулду. Ошондой эле
университеттин онлайн билим берүүгө карата даярдыктары, “Кантип заманбап
адис болобуз: XXI кылымдын негизги компетенциялары” деген темада
баяндамалар жасалды.
Иш чаранын 2-бөлүгүндө “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү
санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы” деген темада 2020-2021-окуу
жылындагы алгачкы куратордук сааттар өтүлдү.
Ош мамлекеттик университетинде учурда 2 институт, 20 факультет, 6 орто
кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу
борбору бар.