Жанылыктар

2020-2021-окуу жылына карата Ош мамлекеттик университетинин окутуучулук-профессордук курамына жана студенттерине ОшМУнун ректорунун кайрылуусу

Кадырлуу агай-эжейлер, илимпоз устаттар, кесиптештер!

Ардактуу студент достор!

Баарыңыздарды мамлекетибиздин эгемендүүлүк майрамына жанашып келген 1-сентябр - Билим майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.
Күтүүсүз келген оору баарыбыздын иш тартибибизди өзгөртүп, жаңы жолдорду издөөгө мажбурлады. Ош мамлекеттик университети түзүлгөн кырдаалды өлкөбүздүн президенти жарыялаган санариптештирүү жараянын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк катары кабыл алды.

Окуу жайыбызда сабактар онлайн форматына өтүп, ар бир студент, кызметкерлерибиз менен тыгыз байланышта болдук.

Мугалим деген улуу атты бийик көтөрүп жүргөн кесиптештерибиз, жаңы өзгөрүүлөргө бат каныгып, жаратмандыгы, педагогикалык мыкты чеберчилиги менен учурдагы кырдаалдан ийкемдүү чыга алды. Жаңы окуу жылыбызда да коомдун күзгүсү, агартуучусу, тарбиялоочусу катары Сиздер кандай гана мезгил болбосун келечек муунга жол чырак болуп, багыт көрсөтүшүңүздөргө ишенемин!

Пандемия шартында жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү менен Билим берүү жана илим министрлиги өлкөбүздөгү жогорку жана орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну онлайн форматта уюштурду. Бул иш-аракеттер жаңыланууну тездетип, замандын чакырыктарына жооп бере алды деп ишеним менен айта алабыз.

Өзгөчө кырдаал учурунда ОшМУнун күжүрмөн кызматкерлери, ыктыярчы студенттер тобу адамдык бийик парзы менен элибизге ар тараптуу жардам колун сунушту. Дүйнө эли жапа чеккен апааттан окуу жайыбыз да орду толгус оор жоготууга учурады. Арабызда ак кызматы, адамдык мыкты сапаттары менен үлгү болгон, өмүрүн университетке арнаган кесиптештерибизден айрылдык. Көзү өткөн устаттарыбыдын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, санаалаштарына дагы бир ирет жамаатыбыздын атынан көңүл айтамын. Агайларыбыздын бизге калтырган эмгектерин асырап, эртеңки муунга жайылтуу милдетибиз деп билемин.

Куттуу университетибиздин 80 жылдык мааракесин эл аралык деңгээлде, жаңы технологиялардын жардамы менен онлайн белгиледик. Мааракеге катышкан Кыргызстандан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген ЖОЖдордун ректорлору, окумуштуулары жогору бааларын беришти.

Ишибиз токтоп калбай өз нугунда уланып жатты. Маарекеге утурлай ОшМУнун алдында М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу башталды. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин 3 кабаттуу жаңы окуу имараты, Ак-Буура кампусундагы 2 кабаттуу 2 окуу корпусу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат. Жаңы окуу жылында ОшМУнун Медицина, Искусство факультеттерине, “Билим” лицейине, Медициналык колледжге кошумча имараттарды куруу жана заманбап шарттагы спорт комплексин пайдаланууга берүүнү көздөп жатабыз. Бул саамалыкты улай Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында РФнын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен Ош мамлекеттик университетинин эки тараптуу келишиминин негизинде Кыргыз-Россия факультети ачылып, жаңы окуу жылына алгачкы студенттерди кабыл алдык. Бул эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү дагы да бекемделе бермекчи.

КРдин Президентинин "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын" алкагында
ОшМУ заманбап-санариптик билим берүү чөйрөсүн түзө алды. Бул багытта электрондук университет долбоору толугу менен ишке ашууда. Алдыда университеттиги ички структуралык бөлүмдөрү арасындагы кагаз жүгүртүүнү толук санариптештирүү, ошондой эле, "Түндүк" тутуму аркылуу мамлекеттик мекемелер менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга жетишүү турат.

Ааламдашуу доору ар тараптан өнүгүүгө жол ачууда. Көп тилдүүлүк программасынын алкагында орус жана чет тилин тереңдетип, системалуу окутуунун планын ишке ашыруу алдында турабыз.

Азыркы мезгилде ОшМУнун эл аралык аброю көтөрүлдү, университетке ишенимдер жаралды. Учурда 30дан ашуун өлкөлөрдөгү 261 алдыңкы жогорку окуу жайлар жана 50дөн ашуун түрдүү мекеме-уюмдар менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдер түзүлүп, ишке ашырылууда. Кырдаал турукташса, академиялык мобилдүүлүктүн, билим берүүнүн географиясы кеңейет.


Окуу жай билим берүүнүн бардык багыттары боюнча көз карандысыз эл аралык билим сапатын баалоочу агенттиктердин рейтингингинде ар дайым алдыңкы сапта. Эл аралык НААР агенттиги тарабынан өткөрүлгөн Кыргызстандагы университеттердин улуттук рейтингинде 3 жыл катары менен генералдык рейтингде 1-орунду камсыз кылды. Өткөн окуу жылында дээрлик бардык окуу программалары көз карандысыз аккредациядан ийгиликтүү өтүштү.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана рыноктун заманбап талаптарына ылайыктуу адистерди даярдоо приоритет катары кала берет. Ар бир окутуучу сапаттуу билим берүү менен бирге эл аралык денгээлде таанылган илимий журналдарга (Web of science, Scopus сыяктуу) макалаларын жарыялап, өзүнүн Индекс Хиршасын (h-индекс) жана окуткан багыттын (адистиктин) рейтингин жогорулатууга салым кошуусуна жетишүүсү заарыл. Бул жалпы окуу жайдын эл аралык рейтингине таасир этип, “Ош мамлекеттик университеин 2019-2024-жылдары өнүктүрүү концепциясына” ылайык, ТОП–700 стратегиялык максатыбызды ишке ашырууга өбөлгө түзмөкчү.

Бүгүнкү ОшМУ салттуулукка негизденүү, инновациялардын ичинде болуу, дүйнөлүк тажрыйбалар менен айкалышуу аркылуу иш билги, мекенчил адистерди даярдоонун, илим-билим, маданиятты жаратуунун Борбордук Азиядагы лидери болуу дымагы менен жашап келет.

ОшМУ күн санап жаңыланууга умтулуп жатат. Жаңы технология, жаркыраган имараттар, миллиондогон нусканы камтыган китеп казына, заманбап шарттар - булар биздин билим берүүдөгү көмөкчү каражаттарыбыз. Биздин эң чоң байлык - бул адам ресурсу. Кесипкөй кызматкерлер, билимдүү агай-эжелер. Андан да чоң байлыгыбыз студенттер. Биз баарыбыз билимдүү студенттерди тарбиялоо, кесипкей адистерди коомго жеткирип берүү үчүн кызмат кылабыз.

Урматтуу студент!

“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деген сөз бар. Бирок, эң маанилүүсү ал кудуктан суу чыгаруу.
Сиз окуу жайыбызда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, эртенки жаркын келечекке бүгүндөн кадам таштаңыз. Биз сизге жол көрсөтөлү, мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачалы, а сиз бийик максаттарыңыз үчүн тыным албай эмгектениңиз. Ата Журт, ата-энеңиздин үмүтүн актаңыз! Майрамыңыздар кут болсун!

Жаңы окуу жылы ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө бакыт, ишибизде көптөгөн ийгиликтерди алып келсин.

Сиздерди терең урматтоо менен,

Ош МУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков

1491 08:49 01-09-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|