Жанылыктар

Сыйлыгыныздар кут болсун!

2020-жылдын 28-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Президентинин жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу бир топ инсандар сыйланды.

Алардын арасында Ош мамлекеттик университетинин да сыймыктуу окумуштуулары бар.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наамына татыган Ош мамлекеттик университетинин музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хорго дирижерлук кылуу кафедрасынын профессору Букарбай Иметов жана Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы Сатканбай Момуналиев агайларызбы мамлекеттик сыйлыктары менен жалпы жамааттын атынан куттуктайбыз!

Сыйлыгыныздар кут болсун! Бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз!

1324 21:38 30-08-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|