Жанылыктар

ОшМУда кабыл алуунун I туру башталды

Ош мамлекеттик университетинде бакалаврга кабыл алуунун биринчи этабы онлайн түрүндө бүгүн, 20-июлда башталды. Кабыл алуу учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режимде өтүп жатат.

Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg системасына катталып, университеттин каалаган адистигине тапшыра алат.

Келишимдик негизде окуй турган абитуриенттердин босого баллы 105тен жогору болушу керек, ал эми бюджеттик негизде окууну каалаган абитуриенттердин босого баллы 110 дон жогору болушу шарт.

Кабыл алуу 3 тур аркылуу өткөрүлөт:

1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;

3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Ар бир тур аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо билим ала турганын тастыктоосу зарыл.

ОшМУда колледждерге кабыл алуу 13-июлдан 30-июлга чейин улантылат.

Кошумчалай кетсек, ОшМУда 2 институт, 20 факультет, 6 орто кесиптик билим берүүчү колледж, 2 академия, 6 мектеп-гимназия, 2 окуу борбору, 30 окуу-усулдук, маданий-эстетикалык, ресурстук ж.б. борборлор, 11 жатакана, 2 медициналык клиника, 18 спорт комплекс, Ысык-Көлдө “Үмүт” пансионаты, Ошто “Ак-Буура” эс алуу жайы, студенттик профилакториясы бар.

Университетибиз 33 өлкөнүн 261 жогорку окуу жайы менен алмашуу программаларынын алкагында кызматташат.

Университет бала бакчадан тартып докторантурага чейинки заманбап билим берүүнүн бардык баскычтарын өзүнө камтыйт.

Ош мамлекеттик университетинин факультеттери жөнүндө даярдалган промороликтерди жана толук маалыматты http://priem.oshsu.kg сайтынан көрө аласыздар. Абитуриенттерди кабыл алуу боюнча маалыматтарды 0770111110 номери аркылуу сурап, биле аласыз.

2579 16:55 20-07-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|