Жанылыктар

ОшМУнун “Билим” лицейинин үч, “Ыйман” гимназиясынын төрт окуучусу республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды

Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен пандемия мезгилинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуучулардын олимпиадасынын 3-турунун мыктылары республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таанылды. Ага ылайык Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейинин 10-классынын окуучусу Муратбек кызы Айгерим биология (тереңдетилген) сабагы боюнча I орун, 10-класстын окуучусу Кумар кызы Аида география сабагы боюнча II орун, 11-класстын окуучусу Элина математика (тереңдетилген) сабагы боюнча III орунду ээледи.

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясынын 11-классынын окуучусу Касымбек уулу Муса орус тили жана адабияты сабагы боюнча I орун, 11-класстын окуучусу Гүлбурак Мукумова география сабагы боюнча III орун, 9-класстын окуучусу Шахзода Ёкуббекова математика сабагы боюнча III орун, 11-класстын окуучусу Назирбек уулу Алишер физика сабагы боюнча III орунду багындырып республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды.

Бул чечим ѳлкѳдѳ түзүлгѳн эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулардын олимпиадага толук кандуу даярданууга мүмкүнчүлүгү болбогондугун эске алып, эң негизгиси алардын ден-соолугуна кам кѳрүү, алардын билимин жана кызыкчылыгын колдоо максатында кабыл алынды.

Буга чейин 17 предмет боюнча окуучулардын республикалык олимпадасынын мектептер аралык, аймактык, райондук жана облустук туру өткөн.

1653 15:26 13-07-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|