Жанылыктар

ОшМУнун демилгелүү жамааты медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштура баштады

Ош мамлекеттик университетинде 350дөн ашуун медицина кызматкерлердин резервдик тобу түзүлүп, алгачкы окуулардан өтүшүп, медицина кызматкерлери менен биргеликте калктын саламаттыгын сактоого салымдарын кошуп жатышат.

Резервдик топто ОшМУда медицина багытындагы эмгектенген окутуучулар, ординаторлор, ошондой эле медицина факультетинин 5-6-курстарынын 200дон ашуун ыктыярчы студенттери бар.

ОшМУнун жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда учурда 40 ординатор, студенттерибиз, врач-окутуучуларыбыз илдетке кабылган жарандарыбызга врач, медайым, санитар катары жардам көрсөткөнү ишке киришишти.

Учурдагы кырдаал эч кимди кайдыгер калтырбайт, Орус филологиясы факультетинин деканынын окуу иштери орун басары Ыкыбал Темиркулова 10-июлда үй-бүлөсү менен демилге көтөрүп, университеттин жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда иштеп жаткан 47 медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштуруп барышса, кечки тамакты медицина факультетинен окутуучулары даярдап алып барышкан.

Бул демилгени кафедралар, жеке окутуучулар да колдоого алышты. Эми университеттин жатаканаларында уюштурулган бейтапканаларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ОшМУнун жамааты ар күнү кезеги менен түшкү ысык тамак уюштура баштады.

Ал эми чыгармачыл жаштарды дайыма бириктирип келген Улукбек Омокеев баштаган таланттуу “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору да окурмандар арасында #Дарыгерге_дем китеп сатуу акциясын уюштуруп, андан түшкөн каражатка Ош шаардык ооруканасына респираторлорду, врачтарыбыз үчүн күнүмдүк мукаждыгынына керектелүүчү каражаттарды алып беришкен.

Ак халатчан дарыгерлерибизге, демилгелүү жамаатыбыздын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдиребиз! Өлкөбүздө тынччылык, аманчылык болсун! Ар бир үй-бүлөдө бекем ден соолук болуп, бактылуу күндөр арбын болсун!

1755 15:18 11-07-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|