Жанылыктар

ОшМУ эң көп упай алган лидер университет катары таанылды

Ушул жылы Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен Казакстандын “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2020” изилдөөсү өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2020” изилдөөсүнө өлкөдөгү 25 жогорку окуу жайы катышты. Ош мамлекеттик университети жогорку кесиптик билим берүү программаларынын 6 багыты боюнча биринчи, 4 багыты боюнча экинчи орунга ээ болду.

Ош мамлекеттик университети 1 орунду ээлеген 6 багыт: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, экономика жана башкаруу, кызмат көрсөтүү сферасы, автоматташтыруу жана башкаруу багыттары. 2 орунду ээлген багыттар: физика-математика жана фундаменталдык информатика, маданият жана искусство, айыл чарба, энергетика жана электроэнергетика багыттары.

Изилдөө төмөнкү коомдук көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

Абитуриенттердин ЖРТ баллдарынын орточо көрсөткүчү;

«Алтын сертификатынын» ээлеринин болуусу;

Чет элдик студенттердин катыштыгы;

КРдин атуулдук, мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары;

КРдин ББжИМинин илимий гранттарынын жетекчилери;

Ойлоп табуулардын жана патенттердин ээлери,

Хирша индекси (Web of science, Scopus) менен өлчөнүүчү макалалардын болуусу.

Рейтингдин негизги максаты ЖОЖдордун арасындагы атаандаштыкты күчөтүү, билим берүү, илим изилдөөдө сапатты камсыз кылуу болуп саналат.

2591 10:58 25-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|