Жанылыктар

ОшМУда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган "Санариптик педагогика", "Атам апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" жана "Аталардын эрдиктерин даңктайбыз" деген сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөрү сыйланды.

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 20-июнда Ош шаары жана Ош облусу боюнча байгелүү орун алган жеңүүчүлөрдү Билим берүү жана илим министринин атынан куттуктап,белектерин тапшырып, ийгилик каалады.

Сыйлоо аземинде 1-2-3-орун алган жеңүүчүлөр китептер топтому, смартфон, зымсыз кулакчындар, грамота, ыраазычылык каттар менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 19-июнда Чүй облусу менен Бишкек шаарындагы жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырган Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков сынактардын башка аймактардагы жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жеринде тапшырыларын маалымдаган.

Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы

1652 17:06 20-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|