Жанылыктар

Казакстандын жогорку окуу жайлары менен кош дипломдуу билим берүү ишке ашат

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин өкүлдөрү менен биргеликте кош дипломдуу билим берүү боюнча он-лайн конференция уюштурулду.

Ага аталган окуу жайдын окуу-методикалык кеңешинин координатору, журналистика факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басары, кафедра башчылары, Кыргыз улуттук университети менен Бишкек мамлекеттик университетинин тийиштүү жетекчилери, ал эми Ош мамлекеттик университетинен эл аралык байланыштар, окуу-информациялык департаменттеринин директорлору, Кыргыз филологиясы жана журналистика, Кыргыз-Түрк факультеттеринин декандары, алардын орун басарлары, кафедра башчылар ж.б. катышты. Жыйынды Абдыганы Абдувалиев алып барып, кош диплом программасы боюнча иштешүүнүн алгачкы кадамдары катары жол карта даярдап, жумушту топ түзүү зарыл экендигин белгиледи.

Андан соң тараптар өз ойлорун ортого салышып, программаны турмушка ашырууга карата өзүнчө келишим түзүү, багыттарды аныктоо, окуу пландар менен алмашуу, аларды салыштыруу, интеграциялоо, жооптууларды дайындоо, маалымат аянтчасын түзүү ж.б. маанилүү маселелерди чечип алуу керектигин сунушташты. Алгач магистратурадан баштап, андан ары докторантурага, бакалаврга өтүү жеңилирээк боло тургандыгын айтып өтүштү. Азырынча журналистика, коомчулук менен байланыш жана реклама, басмакана иши жана дизайн багыттары боюнча иш алып барууга токтолушту.

1722 16:22 11-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|