Жанылыктар

ОшМУнун алдында ачылып жаткан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имаратына капсула салынды

29-майда өткөн капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулу Свистин Роман Викторович катышты. Пайдубалына капсула салып жатып жамаат жакшы тилек, максаттар аткарыла берүүсүн каалашып, аксакалдар ак батасын беришти.

Филиал Ош мамлекеттик университетинин алдында ачылат. Окуу имаратынын сметалык баасы 76 млн. сомду түзгөн курулушту толугу менен ОшМУ каржылайт. Окуу жайдын имаратын 2020-жылдын күз айларына бүтөрүү пландалган.

Алгач 60-90 абитуриент кабыл алуу пландаштырылган. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет. Филиалда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча окутуу башталышы күтүлүүдө.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргыз Республикасынын жана Россия федерациясынын президенттеринин жолугушуусунда президенттер тарабынан колдоого алынган.

Бүгүнкү күнгө чейин ОшМУ Россиядагы бир топ жогорку окуу жай менен эки тараптуу келишимдердин негизинде жыл сайын академиялык мобилдүүлүк жүргүзүп, он-лайн лекцияларды уюштуруп, ири долбоорлорду ишке ашырып алгылыктуу иштерди аткарып келет. Ар семестрде 30га жакын студент-магистранттар, 100гө жакын илимпоз-окутуучулар Россиянын ЖОЖдоруна барып билип алып, тажрыйба алмашып келет.

Белгилей кетсек, 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Орусиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлган.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети– дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикистан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

1785 19:20 29-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|