Жанылыктар

ОшМУда жаңы окуу имараты

Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Кожобеков ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин курулушу менен таанышты.
Алгачкы капсуласы 2019-жылдын октябрь айында салынып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аталган колледждин директору Олжобай Шаимкулов:

“Окуу имараты жер төлөөсү менен кошкондо 4 кабаттан туруп, өз ичине конференц зал, аудиториялар, китепкана, актылык зал, электрондук-санариптик лабороторияларды камтыйт. Жакынкы айларда пайдаланууга берилет”,-деп билдирди.

2018-жылы индустриалдык-педагогикалык колледжи Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” долбооруна кирген.

“Аталган долбоордун алкагында орто кесиптик адистерди даярдаган, заманбап коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген, кадр даярдоодо өзгөчө потенциалга, жогорку жетишкиендиктерге ээ болгон, иш берүүчүлөрдүн ишенимине кирген өлкөдөгү алдыңкы колледждердин бирине айланат”,- деди окуу жайдын ректору К.Кожобеков.

Белгилей кетсек, жаңы окуу имараты Ош шаарындагы Араван кичи районундагы мурдагы Искусство факультетинин аянтына курулуп жатат. Учурда аталган колледжде 1500 студент 5 багыт боюнча билим алышууда.

1793 12:05 21-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|