Жанылыктар

ОМУ менен ОшМУнун кызматташуусунун перспективдүү пландары талкууланды

Оренбург мамлекеттик университети (ОМУ) менен Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган онлайн конференция болуп өттү. Жыйынга окуу жайлардын ректорлору, проректорлору жана тийиштүү структуралардын жетекчилери катышып, өз ойлорун ортого салышты. Жыйналышты директор Абдыганы Осмонович алып барды.

Тараптар кызматташуунун төмөнкү негизги маселелерин талкуулашты:

1. Студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк уюштуруу.

2. Академиялык мобилдүүлүктүн дистанттык формасын карап чыгуу.

3. Өнөктөш окуу жайда студенттердин таанышуу, өндүрүштүк, педагогикалык, фольклордук ж.б. практика түрлөрүн өтөөсү.

4. Биргелешкен билим берүү программалары жана кош дипломдуулук программасы (2+2, 1+2+1, 1+1 ж.б. моделдер боюнча).

5. Тийиштүү багыттар боюнча белгилүү окумуштуулардын он-лайн жана конок лекцияларын регулярдуу өткөрүп туруу.

6. Окутуучулардын квалификацияларын жогорулатуу максатында илимий-педагогикалык стажировкаларды жана иш сапарларды уюштуруу.

7. Биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү, эки окуу жайдын тең илимий журналдарында макалаларды публикациялоо, аспиранттар менен магистранттарга жетекчилик кылуу.

8. Студенттердин арасында илимий, маданий-массалык, спорттук ж.б. иш-чараларды биргеликте өткөрүү.

9. Эразмус+, Русский мир фонду, Россотрудничество, USAID, Unisef, DAAD, IREX ж.б. программалардын алкагында эл аралык долбоорлорго биргеликте катышуу ж.б.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө окуу жайлардын жетекчилери Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын чегинде кызматташуунун багыттарын мындан дагы жогорку тепкичке көтөрүп, бир нече биргелешкен иш-чараларды өткөрүп, балким, кыргыз-орус факультетин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн дагы караштырып, конкреттүү кадамдарга бара тургандыктарын билдиришти. Ректор Кудайберди Гапаралиевич өз сөзүндө кесипттик багыттар тынымсыз жаңыланып, өзгөрүп жаткан мезгилде окутуучулар замандын чакырыктарына ылайык, инновациялык технологияларды, окутуунун жаңы ыкмаларына тынымсыз өздөштүрүп, алар менен кабардар болуп туруусу үчүн, квалификацияларды жогорулатуу курстарын үзгүлтүксүз уюштуруу зарыл экендигин кошумчалады. Ошондой эле тараптар бири-бирин 80, 65 жылдык юбилейлери менен куттукташып, келе жаткан майрамдык салтанатка чакырып өтүштү.

Эскерте кетсек, ОшМУ Россия Федерациясындагы престиждүү окуу жайлардын бири болгон Оренбург мамлекеттик университети менен 2018-жылдын октябрь айында эки тараптуу кызматташуу келишимин түзүп, жемиштүү иштешип келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир нече студенттер жана окутуучулар аталган окуу жайда академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алып, тажрыйба алмашып келишти.

1758 05:07 16-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|