Жанылыктар

Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүүчү окуу жайларынын ассоциациясы онлайн конференция өткөрдү

ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин базасында түзүлгөн Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык окуу жайлардын ассоциациясы тарабынан “Аралыктан билим берүүдө практикаларды уюштуруу жана анын көйгөйлөрү” деген темадагы онлайн конференция болуп өттү.

Конференцияга Ош соода-экономикалык колледжи, Жалал-Абад шаарындагы укук, бизнес, информатика колледжи, Сүлүктү аймактык колледжи, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин гуманитардык-экономикалык колледжи, ОшТУнун технологиялык колледжи, КӨУнун Ала-Бука кесиптик колледжи, Кесиптик колледжи, Майлу-Суу шаарындагы Борбордук Азия колледжи, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, БатМУнун Баткен көп тармактуу институту, Б. Мурзаибраимов атындагы Эл аралык техникалык билим берүү институту, Таш-Көмүр аймактык колледжи, ОГПИнин коледжи, ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин жалпы администрациясы катышышты.

Алгач конференцияны ОшМУнун ЖОЖго чейинки билим берүү жана кесипке багыт берүү иштери боюнча проректору б.и.к., доцент Тажимамат Эркебаев ачып берди.

Онлайн конференцияда учурда аралыктан билим берүү процессинин уюштурулушу, жүргүзүлүп жаткан иштер, өзгөчө абалдын окуу процессине тийгизген таасирлери, экономикалык адистиктердин өндүрүштүк практикасын аралыктан уюштуруунун жолдору боюнча маселелер талкууланып, резолюция кабыл алынды.

Эске сала кетсек, Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинде 2019-жылдын 16-февралында Кыргызстандагы орто кесиптик экономикалык билим берүү окуу жайларынын ассоциациясы түзүлүп, ага жалпысынан Кыргызстандагы 14 орто кесиптик экономикалык билим берүүчү окуу жайлары кирген.

Толугураак https://bilim.akipress.org/unews/un_post:14092/?f=cp

1675 05:42 12-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|