Жанылыктар

МИТ факультетинде “Санарип окутуучу-санарип студент” аттуу эл аралык онлайн илимий жумалык башталды

Ош мамлекеттик университетинде “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, аймактык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Математика жана информациялык технологиялар факультетинде “Илим жумалыгы” башталды.

“Санарип окутуучу-санарип студент” аттуу эл аралык онлайн илимий жумалык жана V илимий-практикалык конференция 11-майдан 18-майга чейин уланат.

11-майда онлайн илимий жумалыктын ачылуу аземин ОшМУнун ректору, доцент К.Г. Кожобеков ачып, илим жумалыктын ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Ошондой эле ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору, профессор Б.З. Осумбеков, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы, доцент У.А. Сопуевдер куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Конференцияда Американын “Математика жана статистика”, “Универсальный журнал прикладной математики” журналынын редколлегиясынын мүчөсү, “Илимий мектептин негиздөөчүсү” төш белгисинин ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, ф.-м.и.д., профессор Келдибай Алымкулович – «Санариптештирүү мезгил талабы», Кыргызстанда «Санарип академия» окуу курсунун негиздөөчүсү, «Санарип мугалим» республикалык сынагынын уюштуруучусу, Кытайдагы Ланчжоу университетинин жана ОшМУнун бүтүрүүчүсү, “Нур Элет” бирдиктүү жаштар коомунун төрагасы Асылбек Мадалиев – «On-line билим алуунун жолдору», МИОТжББМ каф. башч., п.и.к., доцент Анара Аттокурова – «Болонья процессинин 20 жылдык тарыхы», Россиянын Питер шаарынын Санкт-Петербург ИТМО университетинин “Визуалдаштырылган технологиялар” адистигинин магистранты Азамат Жалилов – «ИТМО университетинин маалымат системасы», Инф. каф. проф., ф.-м.и.д. Анара Сайипбекова – «Сабакты аралыктан уюштурууда компьютердик технологияны колдонуу», ЖАМУнун маалыматтар технологиясы жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Алтынкан Термечикова – «Студенттердин өз алдынча иши - окуу процессин уюштуруунун эң маанилүү бөлүгү», Матанализ каф. башч., доцент А.К. Тойгонбаева – «Математикалык предметтерди дистанттык технологияларды колдонуу менен окутуудагы өзгөчөлүктөр», ОшТУнун маалыматташтыруу жана билим берүүдөгү инновациялык технологиялар борборунун башчысы т.и.к., доцент К.А. Бокоев – «Билим берүүдөгү санариптештирүүнүн негизги проблемалары», Прог. каф. башч. м.а., доцент Н.К. Аркабаев – «Программалоо дисциплиналарын on-line окутуудагы көйгөйлөр жана алардын чечимдери» деген темаларда баяндама жасашып, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти. Жыйынтыгындагы ПМИ(б)-1-17 тайпасынын студенти Нурбек уулу Беганаздын “Мугалим” аттуу ыр дестеси окутуучулардын маанайларын көтөрдү.

““Илим жумалыгынын” алкагында окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары жасалат, ошондой эле “ОшМУнун 80 жылдыгына” мыкты макала, “Санарип окутуучу – санарип студент” мыкты доклады, “Мыкты студенттик эмгек”, “Мыкты видеоролик” сынактарынын жыйынтыктары чыгарылып, онлайн концерттик программа менен коштолот”, - деди МИТ факультетинин илимий иштери боюнча декандын орун басары, доцент Нургуль Салибаевна Беделова.

1706 19:48 11-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|