Жанылыктар

ОшМУ Европа менен Турцияда билим алып жаткан студенттеринен кабар алды

ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаменти Испаниянын Кадис университетинде, Германиянын Марбург университетинде, Түркиянын Жумхурият университетинде Erasmus+ программасынын алкагында окуп жаткан студенттер жана Кыргыз-Европа, Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Медицина, Математика жана информациялык технологиялар, Бизнес жана менеджмент факультеттеринин декандары Шүкри Вазирович, Сабыргүл Шамситдиновна, Алымбек Адылбекович, Уланбек Адахимжановичтин, ошондой эле декандардын эл аралык байланыштар боюнча орун басарларынын катышуусунда онлайн видео конференция уюштурду.

Жыйынды эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев алып барып, студенттердин ал-жайын, окууларын сурап, өз сөзүндө башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда дагы окуу процесси 16-марттан бери он-лайн режиминде жүрүп жаткандыгын, айырма чыккан дисциплиналарды тайпалаштары менен катар эле аралыктан окуп тапшыруу мүмкүнчүлүгү бардыгын, бирок ошондой болсо да кабыл алган окуу жайда сессияны ийгиликтүү тапшырып келүү зарыл экендигин белгиледи.

Андан соң студенттер кепке тартылып, алар өздөрүнүн окуулары, айырма чыккан сабактары, учурдагы жашоо шарттары, тамак-аш менен камсыздалышы, стипендияларды өз убагында алып жатышкандыгы, кабыл алган университеттердин камкордугу, деги эле чет өлкөдөгү карантиндик абал туурасында айтып беришти. Кыргызстан тарыхы, анатомия, физиология сыяктуу дисциплиналарды ОшМУдан дистанттык түрдө өздөштүрүп жатышкандыгын, ошондой эле эки университеттин предметтерин бир мезгилде окууда убакытка байланыштуу бир аз көйгөй бар экендигин кошумчалашты. Мындан сырткары кайсы предметтерди ОшМУдан окуса боло тургандыгын декандар менен бирге толук түрдө тактап алышты.

Өз кезегинде декандар студенттер менен көзмө-көз пикир алышып, окууга карата мобилдүүлүктө жүргөн студенттерде эч кандай маселе жаралбай тургандыгын, аларга бардык шарттарды түзүп берүүгө факультеттер даяр экендигин айтышып, чет жерде Кыргызстан, кыргыз эли, ОшМУ жөнүндө жылуу пикир калтырып, окуу жайды дүйнөгө таанытып, ден соолукта болуп, эсен-аман кайра кайтып келүүлөрүнө тилектештигин билдиришти. Уюштуруучуларга ыраазычылыктарын жолдошту.

Конференцияны жыйынтыктап жатып директор А.О. Абдувалиев жардам керек болгон учурда университетке, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, консулдуктарына, Тышкы иштер министрлигинин тийиштүү өкүлдөрүнө кайрылуу керектигин белгилеп, студенттерден тынымсыз байланышта болуп турууларын өтүндү. Эскерте кетсек, департамент чет өлкөлөрдө окуп жүргөн студенттер менен видео конференцияларды регулярдуу өткөрүп турат, мындан эки күн мурун ушундай эле видео байланыш Россияда жана Казакстанда окуп жаткан студенттер менен бирге уюштурулган болчу.

1693 23:28 05-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|