Жанылыктар

ИПКнын ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ТИЛДЕР КАФЕДРАСЫНДАГЫ СААМАЛЫКТАР

Кафедранын илим жумалыгында

Индустриалдык-педагогикалык колледждин тилдер кафедрасында да илимий саамалык өзгөчө формада башталды. Илимий семинар эки күнгө пландалып, анын биринчи күнү “Гапыр Мадаминов - бала окутуунун жана тарбиялоонун мыкты чебери” деген темада илимий семинар өткөрүлдү. Илимий семинар 2 саатка созулуп, ага “Манас” университетинин профессору, п.и.д. Акматали_Алимбеков жана КРдин эмгек сиңирген мугалими Гапыр_Мадаминов, Сүлүктү шаары боюнча жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебинин жетекчиси Бакытбек Сапаркулов, окуу жайлардын окутуучулары, аймактагы мектеп мугалимдери, ата-энелер, студенттер катышты. Кафедра башчысы, доцент Б.Байтикова бул теманы тандап алгандыгынын негизги максаттарын айтып өттү. Алар:

1. Гапыр Мадаминовдун мектеби эң бир четтеги аймакта жайгашса да, республикада билим боюнча эң алдыңкы орунда турат;

2. Мектеп бүтүрүүчүлөрү дээрлик 100 пайызга чейин бюджеттик орундарга окууга өтүшөт, анын ичинде чет өлкөлөргө, айрыкча медицина жаатында бюджеттик орундарда, о.э. эң мыкты ЖОЖдордо окушат.

3. Энелер менен иштөө, тарбия булагын түзүү боюнча да сап башында, адам сапаттары жөнөкөйлүк, адамды баалоо, эмгек кылуу, сыйлоо, мекенчилдик ж.б. сапаттар боюнча дээрлик кынтык таппайсын.

4. Китеп окуу, өз алдынча билим алуу, өз алдынча башкаруу системага салынган (бирөө баланы окушуң керек деп эч качан зордобойт).

5. Дүйнө таанымын өстүрүү, башка тилдерди үйрөнүү маселеси маселе жаратпайт.

кантип чет тилдерди оңой жана тез үйрөнүү керек экендигин мыкты билишет.

6. Мугалим шартка жараша жок болуп калса, көйгөй жаралбайт, анткени мугалимди алмаштырып, күн сайын билимин өркүндөткөн эң мыкты окуучулар бар. Алар олимпиаданын жеңүүчүлөрү, же болбосо билими терең, теңтуштарынан кайсы бир предметтерден озуп кеткен окуучулар.

7. Мыкты окугандарга караганда ал мектепте мыкты окубагандарга биринчи кезекте көңүл бөлүнөт.

8. Уюлдук телефондорго алаксуу, убакытты текке кетирүү деген такыр жок ж.б. Ушул маселелердин тегерегинде новатор педагогду жана анын иштөө тажрыйбасын билген, тажрыйба алмашкан адистер, агайдын шакирттери менен илимий-тыянактуу маселерге көңүл бөлүнүп, баяндамалар жасалды, андан кийин талкуу башталды. Талкууда окутуу ыкмалары, жетишкендиктер, аны жайылтуу маселелерине токтолушту. Илимий жумалыкка катышкан п.и.д., профессор Акматали Алимбековго, Нарбүбү Анаркуловага, Бакытбек Сапаркуловго жана Чүй, Таш-Көмүр, Араван, Сүлүктү, Кара-Суу мектептеринин мугалимдерине, ИПКнын, факультеттердин окутуучуларына ыраазычылыктар билдирилип, илимий семинар Гапыр Мадаминовдун омоктуу ойлору менен жыйынтыкталды.

Ачык сабактар, усулдук семинарлар,

Учурда бала бакча, мектеп мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары аралыктан билим берүүгө умтулуп жаткан кези. ОККБТ кафедрасы да сандан сапатка өтүү максатында онлайн көрсөтмөлүү ачык сабактары, усулдук семинарларды, талкууларды уюштурду. Алсак, кафедранын англис тилчи окутуучулары С.Бакиева жана У.Абдыкадырова улантуучу жана баштоочу тайпаларга ZOOM программасы менен ачык сабактарды өтүшсө, окутуучулар А.Бапышова, Н.Темирова, Т.Батыровалар он-лайн сабак өтүүгө өздөрүнүн чыгармачылык менен иштелген план-иштелмелерин сунушташты. Ошондой эле окутуучулар Ч. Раимбердиева жана Н.Нуралиева орус тилин окутуудагы усулдар, педагогикадагы колдонулган жаңычыл терминдер жөнүндө усулдук семинар өтүп беришти. Окутуучу Ч.Раимбердиеванын темасында “Коуч”, “консалтинг” терминдеринин педагогикада колдонулушу тууралуу сөз болсо, Нурзат Нуралиева интеграциялык сабактар бөтөн тилди аудиторияга үйрөтүүдө зор натыйжа берерин белгиледи.

Адабий кечелер, үч тилдеги презентациялар

Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата кафедранын окутуучулары тарабынан ZOOM программасы менен атайын адабий кечелер уюштурулду. Анда студенттер негизинен көркөм окуу, согуш, жеңиш тууралуу чыгармаларды айтып берүү, аларды анализдөөгө токтолушту. Студенттер кырдаалга байланыштуу группалык композицияларды түзүшүп, көркөм окуунун презентацияларын жасашты. Мындай окутуучулардын демилгелүү иштери кафедранын тарбиялык ишин жогорулатууга, студенттердин ички дүйнөсүнүн баюусуна өбөлгө болду.

1630 21:47 05-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|