Жанылыктар

Физика-техника факультетинде “Физика-техникалык көйгөйлөрдү чечүүдө жаш окумуштуулардын ролу” аттуу илимий-практикалык онлайн-конференция өткөрүлдү

“2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Физика-техника факультетинде “Физика-техникалык көйгөйлөрдү чечүүдө жаш окумуштуулардын ролу” ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык онлайн-конференция өткөрүлдү.

Онлайн-конференцияга И.Арабаев атындагы КМУнун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, БатМУнун, ОшТУнун, КӨУнун, КР УИАнын белгилүү окумуштуулары катышышты.

Пленардык отурумда эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессор Ысламидин Ташполотов “Билим берүү системасындагы санариптештирүүнүн ролу”, социалдык иштер кафедрасынын окутуучусу, магистрант Аида Ибраимова “КРды балдарга карата коомдогу терс маалыматтарды берүүдөн коргонуу жолдору” жана башка башка темаларда баяндамалар окулду.

Конференцяи суроо-жооп, талкуулар менен коштолу.

Иш-чаранын фотоотчету тиркелет.

1798 22:02 02-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|