Жанылыктар

ОшМУнун демилгеси менен республикабыздын 25 окуу жайынын өкүлдөрүнүн катышуусунда академиялык мобилдүүлүктүн актуалдуу маселелери талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында 1-майда ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин демилгеси менен Кыргызстандын 25 жогорку окуу жайынын (ОшМУ, И.Арабаев ат. КМУ, ТалМУ, ЫМУ, НМУ, КУУ, ЖаМУ, КӨУ ж.б.) тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда "Өнөктөш ЖОЖдор ортосунда кызматташуунун жаңы горизонттору: ички мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана көйгөйлөрү" аттуу онлайн видеоконференция болуп өттү.

Жыйында модераторлук кылган Абдыганы Осмонович ОшМУнун мисалында даярдалган «Академиялык мобилдүүлүк: көйгөйлөр жана аларды чечүүгө карата сунуштар» аталышындагы докладын презентациялап, мобилдүүлүктүн көйгөйлөрүнө жана аларды чечүүгө карата сунуштарын айтты.

Видеоконференцияда академиялык мобилдүүлүк боюнча ийгиликтер, көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча маселелер талкууланып, тажрыйбалар ортого салынды. Ошондой эле сунуштар айтылып, ички академиялык мобилдүүлүк маселелерин чечүүгө багытталган резолюция чыгарылды.

Жыйынтыгында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча жасалган иштер мындан ары дагы улантылмай болду.

Жыйындын толук видео материалы төмөнкү шилтемеде:

https://youtu.be/de6Ccfb5OzM
2616 04:51 02-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|