Онлайн видеоконференциянын коногу КРдин УИАсынын корреспондент-мүчөсү, ф.и.д., профессор Сыртбай Мусаев "Кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору" деген темада баяндама жасады.
Илимий конференцияга ОшМУнун Илим жана Аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, ОшМУнун окумуштуулары, аспиранттар, магистранттар, студенттер, ошондой эле ОшТУ, КӨУ, ОГПИ, ОшМЮИ, ЖАМУ, БатМУдан окумуштуулар катышышты.
Конференцияда кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча кызыктуу баяндама жасалып, суроо-жооп, талкуу менен коштолду.