Жанылыктар

Чыгыш таануу жана тарых факультетинде кезектеги онлайн конференция орун алды

Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата 27-30-апрелге пландаштырылган илим жумалыктары уланууда.

Жумалыктын алкагында 29-апрелде ОшМУнун Эл аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен Борбордук Азиянын Америка университетинин PhD доктору Руслан Рахимов ZOOM платформасында факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана магистранттары үчүн онлайн конференция уюштурду.

"Риторика о Второй Мировой Войне в контексте миграции кыргызстанцев в РФ" деген темада өтүлгөн онлайн лекцияга 70 тен ашуун угуучу катышты. Онлайн-конференция суроо-жооп, кызуу талкуулар менен коштолду. Мындай саамалыктар факультетте байма-бай өтүп туруусу пландаштырылды. Онлайн конференциянын видео материалды факультеттин социалдык баракчаларында да жайгаштырылды.

2001 05:26 01-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|