Жанылыктар

Ош мамлекеттик университетинде илим жумалыктары кызуу өтүүдө

Ош мамлекеттик университетинде илим жумалыктары салттуу иш-чара катарында жыл сайын март, апрель, май айларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Учурда жумалыктын алкагында “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына, ОшМУнун 80 жылдык мааракесине арналган аймактык, эл аралык илимий онлайн конференциялар, вебинарлар, студенттик илимий конференциялардын цикли, илимий конкурстар жана башка иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чараларга университеттин профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар,магистранттар жана студенттер, Кыргызстандын, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн илимпоздору катышышууда. Иш-чаралардын видеоматериалдары окуу жайдын сайтына, ютуб каналына жайгаштырылып, шилтемелери студенттерге жөнөтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, ОшМУнун ректору К.Г. Кожобеков 27-апрелден 2-майга чейинки жумалыкты “Онлайн эл аралык, аймактык видеоконференциялардын жумалыгы” деп атаган. Бул мезгилде да илим жумалыктарынын иш-аракеттери жалпы форматта кызуу улантылууда. Жумалыктын алкагында Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан Назарбаев университети менен биргеликте илимий интерактивдүү вебинар өткөрүлдү.
“Учурдагы кырдаалга карабай илим жумалыктарынын алкагында пландаштырылган иш-аракеттерибиз токтоосуз, системалуу аткарылууда. Илимий багыттагы онлайн иш-чаралар факультеттерде, коллеждерде, кафедраларда жигердүүлүк менен максатка ылайык, үзгүлтүксүз уюштурулууда. Университетте илим жумалыктарын май айынын аягында жыйынтыктайбыз. Иш-чараларыбызга бардык кесиптештерибизди, аспиранттарды, магистранттарды, студенттерди жана каалоочуларды чакырабыз,” – деди ОшМУнун Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Гулжамал Анарбаева.

1787 12:08 30-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|