Жанылыктар

Байге фонду 60 000 сомду түзгөн “Аралыктан билим алабыз” видео конкурсу жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында уюштурулган “Аралыктан билим алабыз” видео конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

2020-жылдын апрель айында ОшМУнун ректору К.Г.Кожобековдун демилгеси менен жарыяланган конкурска жалпысынан 55 видео келип түшкөн. Бул конкурска университеттин бардык факультеттеринин, коллеждеринин студенттери жана тайпалары катышкандыгын белгилөөгө болот. Негизинен келип түшкөн видеолордун мазмунунда ОшМУда аралыктан билим алуу кандайча уюштурулуп жаткандыгы, кандай компьютердик программалар, мобилдик тиркемелер колдонулуп жаткандыгы чагылдырылган, ошондой эле онлайн сабактардын үзүндүлөрү, ата-энелердин бул туурасындагы пикирлери камтылган.

“Эң негизгиси, бул видео-роликтер аркылуу студенттер аралыктан билим алууну өз алдынча уюштуруунун жолдорун иштеп чыгышып, бул боюнча сунуштарды жана кеңештерди беришкендигин, жоопкерчиликтүүлүк менен билим алууга бири-бирин үндөгөн чакырыктарын көрүүгө болот. Бул болсо конкурсубуздун негизги максаттарынын бири болчу”, - деп белгилейт өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Г.Кожобеков.

Эскерте кетсек, байге фонду 60 000 сомду түзгөн бул конкурстун негизги максаты аралыктан билим алуунун технологияларын студенттерге жайылтуу, студенттерди аралыктан билим алуу менен өз алдынча окууга үндөө, студенттик тайпаларда онлайн жана дистанттык байланышты күчөтүү болуп эсептелинет. Конкурстун жыйынтыгын реалдуу балоо үчүн калыстар тобунун курамына областтык жана республикалык массалык маалымат каражаттарынын журналистери тартылды.

Жыйынтыгында I орун үчүн 25000 сомдук байгени Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Жанибек кызы Мимоза, II орун үчүн 15000 сом байгени дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин 3-курсунун АРБ-1-17 тайпасынын студенттери, III орун үчүн 10000 сомдук байгени математика жана информациялык технологиялар факультетинин ИСТ(б)1-18 тайпасынын студенттери, дагы бир III орунду жана ага берилчү 10000 сомду медицина факультетинин 2-курсунун МПД-1-18 тайпасынын студенти Гулькан Маширапова женип алышты.

Окуу жайдын ректору тарабынан демилгеленип уюштурулган конкурска бардык факультет, колледждердин студенттери активдүү катышышкандыгын белгилейбиз. Конкурска катышкан бардык студенттерге ыраазычылык билдирип, жеңишке жетишкен тайрпаларды жеңиши менен куттуктайбыз!

Конкурска катышкан видео материалдарды ОшМУнун Дистанционное обучение YouTube каналынан жана #Аралыктан_билим_алабыз! хештеги аркылуу да көрсөңүздөр болот.

2217 02:56 30-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|