Жанылыктар

Чыгыш таануу жана тарых факультетинде илим жумалыгы өз ишин баштады

Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата 27-30-апрелге пландаштырылган илим жумалыгы ишин баштады.

Онлайн-конференциянын расмий ачылышы болуп, анда ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, мед. и.д. профессор Б.З.Осумбеков, Чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканынын м.а.,т.и.к., доцент С.А. Арстанов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, т.и.д. А.Р. Жоошбекова, Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, т.и.к., профессор Т.Д. Кадыров , Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Ч.Т. Сатыбалдиева Ч.Т., Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын башчысы,т.и.к., доцент О.А. Ташмаматов куттук сөздөрү менен чыгып сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, т.и.д. А.Р. Жоошбекованын Кыргызстандагы миграциялык процесстер: жүрүшү, багыты жана негизги маселелери” аттуу темада кызыктуу баяндама жасады.

Экинчи бөлүгүндө факультеттин и чки жана тышкы академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан жана окуп келген студенттери презентацияларды жасашты. Алар:

1. Келдибек кызы Акмарал (Түркия)

2. Нурматова Сезим (Чехия)

3. Таалайбеков Төлөнбай (Чехия)

4. Тешебаева Алсу, Сапанова Асел, Эралиева Карачач (Эл аралык Кувейт университети)

5. Исаков Нурсейит (Баткен мамлекеттик университети)

6. Мидинова Кумушай (И.Арабаев атындагы КМУ)

7. Токтобекова Бурулсун (Нарын мамлекеттик университети)

1725 05:55 28-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|