Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г. Кожобековдун демилгеси менен бириккен профсоюз комитети тарабынан окуу жайда эмгектенген жардамга муктаж 130 кызматкерге учурдагы кырдаалды эске алуу менен гуманитардык жардам көрсөтүлүп, ар бир кызматкерлердин үй-даректерине күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктары жеткирилди.
“Окуу жай тарабынан берилген гуманитардлык жардам алган окутуучулардын жана кызматкерлердин тизмеси ар бир факультеттин, коллеждердин жана лицейлердин профбюролорунун төрагалары жана төрайымдары тарабынан берилген”, -деди ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А. Саттаров.
Белгилей кетсек, ОшМУда өзгөчө кырдаал башталган алгачкы күндөн тартып атайын штаб түзүлүп иш алып барылууда. Буга чейин сунуштарга ылайык 60 кызматкерге өздөрүнүн эсебинен 1 каптан ун алынып, таркатылган.