Жанылыктар

ОшМУнун ректору чет өлкөлүк студенттер менен жолугуп, он-лайн билим алууга түзүлгөн шарттары тууралуу пикир алышты

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык медицина факультетинин деканы Жаныбек Муратов ОшМУда окуган чет өлкөлүк студенттер жашап жаткан жатканалардан кабар алды.

Жолугушууда учурдагы абалда студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, он-лайн окуу процесси боюнча пикир алышты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө MegaCom компаниясынын Оштогу бөлүмүнүн орун басары Рамид Жакыпбаев компаниянын атынан ОшМУнун чет элдик студенттерине MegaCom компаниясынын симкарталарын тапшырды. Учурдагы кырдаалга байланыштуу он-лайн режиминде аралыктан билим алып жаткан студенттер айына 60 гб интернет менен толукталган симкарталар менен камсыз болушту.

Студенттер менен болгон пикир алышууда ОшМУнун ректору К.Кожобеков студенттерге кандай кырдаал болбосун университеттин жетекчилиги жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

1721 17:43 23-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|