Жанылыктар

ОшМУда эмгектенген 400гө жакын ак халатчан окутуучулар жана ординаторлор дарыгерлер менен бирге Мекенге кызмат кылууда

Ош мамлекеттик университетинин медицина, эл аралык медицина, дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультеттеринде, медициналык коллежддеринде эмгектен 180ден ашуун ак халатчан окутуучулары, 200 дөй студенттери, ординаторлору Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда, Баткен жана Жалал-Абад облустарында обсервацияларда, изоляцияларда, посттордо (аэропорт, чек ара, ж.б.), кабыл алуу пункттарында, санэпидемстанцияларда, медициналык мекемелерде кызмат өтөп жатышат.

Март айынын аягында ОшМУнун ректорунун тапшырмасы менен ОшМУнун профессорлору, инфекциялык оорулар боюнча мыкты адистер Түгөлбай Мамаев жана Имамназар Тайчиев тарабынан “Коронавирус COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүдөгү алгоритмдик иш чаралар” деген темада врачтардын COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү боюнча врачтардын квалификациясын жогорулатуу семинарлары он-лайн уюштурулуп, медицина факультетинин 58 кызматкери атайын даярдыктан өтүштү. Алар учурда, резерв кадр катарында зарылчылык жаралган учурда кызмат көрсөтүүгө даяр турушат.

ОшМУ мекенге ак кызмат кылган дарыгерлерди даярдаган жогорку окуу жайлардын бири катары коомдон сыртта калбай, элибизде кандай кырдаал болбосун жамаат менен чогуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Учурда ар бир структура социалдык тармактар аркылуу дарыгерлерге ыраазычылык айткан флешмобдорду уюштурууда. Ошондой эле жамаат бир күндүк эмгек акысынын эсебинен 700 000 сом Ош шаардык мэриясынын атайын эсебине которгон.

Дарыгерлер,ординаторлор сиздерге ыраазычылык айтып, таазим этебиз! Өзүңүздөрдү этият кылышыныздарды суранабыз. Ош мамлекеттик университети Сиздерди ар тараптан колдоого дайым даяр.

2010 19:32 20-04-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|