Жанылыктар

КАРИМОВА БУРУЛ КАРИМОВНА

(1939-2020)

(некролог)

Ош мамлекеттик университетинин профессору, «Даңк» медалынын ээси, Кыргыз Республикасына билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, биология илимдеринин доктору, Ош мамлекеттик университетинин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошкон Бурул Каримова эжекебиз 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Каримова Бурул 1939-жылдын 2-декабрында Алай районунун Будалык айылында туулган. Жетинчи классты айылда бүтүргөн соң, Оштогу республикалык кыздар окуу жайында окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1957-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна (азыркы ОшМУ) кирип, аны 1962-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп, ошол эле окуу жайдын биология кафедрасында окутуучулук кызматка калтырылган. 1965-жылы ага окутуучулукка көтөрүлөт. 1969-жылы аспирантурага жиберилип, 1973-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

1996-жылы Түштүк Кыргызстандын суу өсүмдүктөрүнүн флорасы боюнча доктордук диссертациясын жактайт. Бул жумушта Кыргызстан үчүн илимдеги чоң жетишкендиктер камтылган. Анда суу өсүмдүктөрүнүн (балырлардын) 663 түрү аныкталып, анын ичинен 254 Кыргызстан үчүн жаңы,18 Борбордук Азия үчүн биринчи жана бир түр илим үчүн жаңылык болуп, ага Алайдын аты (Алай гидрирусу) ыйгарылган. Жумушта суу өсүмдүктөрдүн жогорку сапаттагы биомассасы мал, балык, канаттуулар чарбаларындагы баалуу тоют жана булганыч сууларды тазалоодо, тоо-кен өндүрүшүндө кеңири колдонуулары далилденген. Азыркы учурда алар практикада кеңири пайдаланылууда.

Бурул Каримова Кыргыз Республикасында биология багытындагы аялдардан, биринчи болуп доктордук даражага ээ болгон окумуштуу айым. 2000-жылы профессордук наам ыйгарылат. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиядасына мүчө-корреспонденттикке көрсөтүлөт.

1976-1988-жылдары Ош мамлекеттик университетинин ботаника кафедрасында башчы, 1997-1998-жылдары экология жана жалпы биология кафедрасын жетектеген. 1999-жылы Ош жогорку колледжинде (азыркы ОМПИ) проректор болуп эмгектектенген. 2000-2002-жылдарда ОшМУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда директорлук кызматын аркалаган.

2003-жылы Ош технологиялык университетинин чакыруусу менен экология жана геология факультетинде декандык кызматты аткарат. 2004-жылдагы Ош технологиялык университетине академик М.М.Адышевдин атынын ыйгарылышында жана анын музейинин ачылышында факультетте көптөгөн иш чаралар өткөрүлөт. 2005-2013-жылдары биология жана биотехнология кафедрасын жетектейт.

2014-жылдын 1-сентябрынан тарта кайрадан Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кеңешчиси жана Табият таануу – география факультетинде профессор болуп эмгек жолун улантат.

Бурул Каримованын окуган лекциялары, практикалык иштери жогорку илимий-педагогикалык жана методикалык түрдө өтүлүп келгендиги окуткан студенттери тарабынан дайыма бааланып келген. Илимий багытта дайыма изденген окумуштуу көптөгөн регионалдык жана Эл аралык илимий конференцияларда, симпозиумдарда докладдар менен ийгиликтүү катышып, 2 автордук күбөлүк, 3 патент, 7 монография, 5 окуу китеп, бир нече окуу-усулдук колдонмолордун жана 200дөн ашык илимий макалалардын автору болууга жетишкен.

Ал илимпоз - биолог катары көптөгөн дүйнөлүк маанидеги (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Пермь, Алматы, Ташкент) илимий борборлор менен байланышта болгон жана 3 ирет МГУдан квалификациясын жогорулатып келген.

Б.Каримова 2003-жылдан бери Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунда түзүлгөн доктордук, кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын Кеңештин мүчөсү болгон. Ал системалуу түрдө биология, гидроботаника, микология, бриология, лихинология боюнча адистерди даярдоодо үлкөн салым кошкон.

Б.Каримованын билим, илим, жаштарды тарбиялоо багытындагы үзүрлүү эмгектери коомчулук, өкмөт тарабынан кеңири колдоого алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарылган. 2007-жылы Б.Каримова КРнын «Даңк» медалы менен сыйланган. 2011-жылы облуста “Жыл адамы” жана 2013-жылы КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.

Мындан тышкары ал «Агартуунун отличниги» (1981) жана билим, илим министрлигинин, шаардык, облустук мамлекеттик администрациянын бир нече жолку Ардак грамоталарынын ээси болгон.

Анын биографиясында коомдук иштерге активдүү катышуусу өзгөчө орунда. Ошонун натыйжасында элдин сый урматына ээ жана 3 жолу шаардык кеңешке депутаттыкка шайланган.

Окумуштуу эжекебиз Ош мамлекеттик университетинин өсүп-өнүгүүсүнө бараандуу салым кошту. ОшМУ менен тагдырлаш, сапарлаш болгон эжекебиз өзүнүн акылмандыгы, зиректиги, айкөлдүгү менен айырмаланган улуу устат наамына ээ болду. Миңдеген окутуучуларыңыз, шакирттериңиз Сизди сүйүктүү устат катары кадырлашат, биздин эжекебиз деп сый-урмат менен мамиле кылышат, Сиз менен сыймыктанышат, Сизди эскеришет.

Устат эжекебиздин жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Каримова Бурул эжекебиздин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер

1953 09:06 20-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|