Жанылыктар

ОшМУда билим берүү уюмдарында мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялоо жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык буйрук кабыл алынды

2020-жылдын 14-мартындагы Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялоо жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы №282/1- буйругуна ылайык Ош мамлекеттик университети 16-мартта административдик кеңеште буйрук кабыл алды.

Буйрукта:

1. Ош мамлекеттик университетинин студенттери, магистранттары жана окуучулары үчүн 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялансын.

2. Факультеттердин декандары, коллеждердин директорлору жана ар бир структура жетекчилери:

- коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө максатындагы 2020-жылдын 4-февралында бекитилген ОшМУнун планынын негизинде жана ОшМУнун студенттери, окуучулары жана кызматкерлери арасында респиратордук вирустук катуу инфекциялардын алдын алуу, андан ары жайылышына жол бербөө, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чараларды көрүү жөнүндөгү ректордун 2020-жылдын 9-мартындагы № 12/337- буйругуна ылайык тиешелүү иш-аракеттердин аткарылышын көзөмөлдөшсүн;

- каникул учурунда педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук иштерин жана аккредитацияга даярдык иш-чараларын уюштурушсун;

- мөөнөтүнөн мурда каникул мезгилинде күндүзгү жана кечки бөлүмдөрдө окуган студенттер үчүн окуу процессинин лекциялык жана теориялык сабактары окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу (avn.oshsu.kg “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси, ж.б.) менен жүргүзүлүүсүн ишке ашырышсын;

- Академиялык тайпалардын семестрдик пландарында дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулаган лекциялык жана теориялык сабактардын сааттары көбөйтүлүп, сабактардын практикалык, семинардык, лабораториялык ж.б. түрлөрүнүн сааттарын мөөнөтүнөн мурда каникулдан кийинки убактарга жылдыруу менен окуу процессин уюштуруу милдеттендирилсин.

3. Окутуучулардын лекциялык жана теориялык сабактардын окуу материалдарын окутуунун дистанттык технологияларын колдонуу менен avn.oshsu.kg “Билим берүү порталы”, KelBil тиркемеси, ж.б. каражаттарына жүктөп, студенттер менен байланышын көзөмөлдөө деканаттарга, дирекцияларга жана кафедра башчыларына жүктөлсүн.

4. Ички жана тышкы мобилдүүлүк менен келген же кеткен студенттер менен байланышып, тиешелүү иш-чараларды аткаруу декандарга, директорлорго жана эл аралык байланыштар департаментине жүктөлсүн.

5. Ар жуманын аягында окуу-маалымат департаменти жогорудагы ишмердүүлүктөрдүн аткарылышы боюнча маалымат даярдашсын.

6. “Үмүт” телестудиясы тарабынан факультет жана коллеждерде уюштурулган үлгүлүү on-line лекцияларды видеого тартуу, прессага жарыялоо колго алынсын.

7. Мөөнөтүнөн мурда каникул убагында ОшМУнун кызматкерлеринин эмгек акысы сакталсын.

8. Бул чечимдердин ишке ашыруу тиешелүү проректорлорго милдеттендирилсин жана жалпы көзөмөлгө алуу окуу иштери боюнча проректору З.С.БОЖОНОВго жүктөлсүн деп жазылган.

Буйрукка ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кол койгон. Учурда бул буйрук боюнча тиешелүү иш аракеттер жүрүп жатат.

2040 16:41 17-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|